• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Аскар Шадиев менен Айбек Калиев ооруканага түштү

13 Чын куран 2018 10:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV

Мурдагы вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев менен  «Улуттук Энергохолдинг» ААКнын төрагасы Айбек Калиев жүрөгү ооруп, Президенттин иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканага жатышты. Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады.
Эки чиновник тең учурда УКМКга сурак берип жатат. Айбек Калиев Бишкек ЖЭБин модернизациялоого кеткен 386 млн доллар тууралуу суралып жатса, Аскарбек Шадиев КМШ өлкөлөрүнүн Парламенттик ассамблеясыа кетчү Чыңгыз Айтматов сыйлыгына тийиштүү 30 000 доллардын желип кетиши тууралуу суралууда.
Количество просмотров: 33