• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду

28 Кулжа 2018 19:41 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.06.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге карата дагы бир кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин  басма сөз катчысы  билдирди.
Башкы прокурор 25-июнда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») каралган белгилер боюнча иш козгоду. Тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.
Эске салсак, 28-апрелде  мурдагы вице-премьер, “Бирбол”  фракциясынын ЖКдагы депутаты Аскарбек Шадиевге УКМК тарабынан “Кызмат абалын кыянат пайдалануу” беренеси  менен кылмыш иши козголгон. Бирок, анын жардамчысы Аскар Шадиев өзүнө кылмыш иши ачылаардан 27-февраль күнү дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин жар салган. Ал эми чек ара кызматы, УКМК, Башпрокуратура баардыгы тең бир ооздон “Шадиев Кыргызстандан чек арасын кесип өткөн эмес” деген жоопту кайталап, ал тургай 31-майда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да анын Кыргызстанда экендигине ишенип жатканын айткан.
Бирок, Шадиев Кыргызстанда эмес экени ачыкка чыгып, 27-апрелде Аскар Шадиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылына барганын, ошол жактан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, Ходжент-Москва каттамы менен Москвага учканын, ошол эле күнү “Домодедово” аэропортунан дипломатиялык паспорту менен Нью-Йорк шаарына учуп кеткени белгилүү болгон.
Количество просмотров: 10