«Ата Мекен» фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт
«Ата Мекен» фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт
20 Баш оона 2018 19:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.08.2018.Govori.TV.
«Ата Мекен» фракциясы акыйкатчы кызматына Канатбек Азизди көрсөтөт. Бул тууралуу маалыматты талапкер өзү билдирген.
«29-июнда аталган фракциянын жыйыны өтүп, мени акыйкатчы кызматына көрсөтүү боюнча чечим чыккан. Мыйзам боюнча, бир фракция 3 талапкерди чыгарса болот. Мени жалгыз талапкер кылып көрсөтүштү», — деди Канатбек Азиз. Учурда Канатбек Азиз «Ата Мекен» фракциясынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенип келет.
Аталган кызматта Кубат Оторбаев 2015-жылдын 30-декабрынан тарта иштеп келген. Ал 26-июнда өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын арызын Жогорку Кеңеш 27-июнда кабыл алган.
Жаманбаева психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды психиатриялык оорулар менен жабыркаган адамдардын укуктарын камсыздоого чакырат. …
КРдин Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Монголиянын адам укуктары боюнча улуттук комиссиясынын башчысы Жаргалсайхан Хунан менен жолугушту. Акыйкатчылыктан …