• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Атасы менен паркка барып 5 жаштагы кыз каза болду

19 Теке 2018 16:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.07.2018. Govori.TV.

Дайынсыз жоголгон 5 жашар кыздын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын 18-июль күнү саат 12:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районун Кара-Алма айыл өкмөтү Кара-Алма айылы Жолдош-Ата эс алуучу жайында 2013-жылы туулган А.Х. аттуу кыз ойноп жаткан жеринен дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн (маалымат 20:40 чамаларында ӨКМге айтылган). Божомол боюнча дайынсыз болуп жаткан кыз Кара-Алма суусуна тушүп кеткен.
2018-жылдын 18-июль күнү издөө иштерине Сузак райондук ӨКБнүн башчысы полковник А. Карабековдун жетекчилигинде куткаруу топ чыгышып,туугандары менен биргеликте издөө иштери аткарылган, жыйынтык чыккан эмес.
2018-жыл 19-июль саат 06:00дө. издөө иштери уланган. Издөө иштерине 10 куткаруучу, Сузак райондук ИИБнин 5 кызматкери, туугандары, жалпысынан 23 адам издөө иштерине тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында 19-июль күнү саат 11:30 чамасында 2013-ж.т. А.Х. жансыз денеси болжол менен өзү жоголгон жерден Кара-Алма суусун бойлой 500 метр ылдый тараптан куткаруучулар тарабынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Количество просмотров: 53