Белгилей кетсек, буга чейин Ош шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Суербек Аманиллаев Govori.TV сайтына Ош шаарынын мэрлигине талапкер болуп Таалайбек Сарыбашев гана аттанарын билдирген.
Эске сала кетсек, 9-июлда көпчүлүк коалицияга кирген КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары бир добуштан Ош шаарынын мэрлигине Таалайбек Сарыбашевди сунуштаган.
Сарыбашев Таалайбек Насирбекович 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. Жогорку билимдүү. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган.
1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1989-жылы — Алай районундагы автобазада слесарь;
1991-2008-жылдары — сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи;
2008-жылы — Алай райондук кеңешинин депутаты;
2012-2015-жылдары — Алай райондук администрациясынын башчысы;
2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.