Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп кетти
Бишкек шаарында маршруттук таксинин айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп кетти
17 Баш оона 2018 17:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу 11 жаштагы баланы сүзүп, ал алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, окуя бүгүн Фрунзе жана Гагарин көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 281-маршруттук таксинин айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн өтүп жаткан баланы сүзүп алган. Ал ооруканага баргандан киийн каза болгон. Бул окуя боюнча иликтөө иштери башталды.
Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсүн Токомбаев көчөсүнөн «Газпром» мектебине чейин улантуу жолунун курулушу башталды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жол …