Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери аяктады
Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери аяктады
15 Баш оона 2018 15:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
Бишкек шаарындагы эт комбинатынын имаратынан чыккан өрттү толук өчүрүү иштери 15-август күнү саат 01:20да аяктады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Эске салсак, 2018-жылдын 9-август күнү саат 04:53тө Бишкек шаарынын Ленин районунун Москва көчөсү №266 дарегинде иштетилбей бош турган мурунку эт комбинатынын имаратынан өрт чыккан. Өрт ошол эле күнү саат 11:23тө чектөөгө алынган. Бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.
Өрттүн кесепетинен имараттын 5000 чарчы метр аянты күйгөн.