• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чоң-Алайдагы тоодо чет элдик альпинист каза болду

14 Баш оона 2018 14:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.08.2018. Govori.TV.

Чоң-Алай районундагы Абрамов чокусунда таш кулап, Екатеринбург шаарынан келген альпинист каза болду. Мындай кырсык катталганын Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалымат боюнча, 12-август күнү саат 10:00 чамасында 32 жаштагы В.Кирилл Чоң-Алай районунун Кара-Казык тоосундагы Абрамов атындагы чокудан 4800 метр бийиктиктен түшүп келе жаткан кезде таш кулап, денесинен оор жаракат алган. Альпинист окуя болгон жерде көп узабай көз жумган.

Бул окуя Чоң-Алай РИИБдин кылмыш каттоо китепчесине кокустук катары катталып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Кошумчалай кетсек: кээ бир маалыматтарга ылайык, В.Кирилл таш кулап жатканы тууралуу топтун башка мүчөлөрүнө кабарлап, өзү качууга үлгүрбөй калган.

Количество просмотров: 3