• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Чубак ажы экинчи аялынан баш тартты

4 Бештин айы 2017 19:52 Бишкек Govori.TV

Диний аалым Чубак ажы Жалилов экинчи аял албагандыгын айтты. Бул тууралуу govori.tv агенттигине Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан маалымдашты.

“Менин сүйүктүүм бар. Бирок ал менен жарандык дагы, расмий дагы никеде эмесмин. Кыргызстандын бир дагы жаранын мыйзам бузууга чакырбайм”-деди деп маалымдайт Бишкек ШИИБ.

Эскерте кетсек Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов мындан бир нече күн мурда экинчи аял алгандыгын шардана кылган. Диний ишмердин мындай кадамы мыйзамга карама-каршы келээрин айткан жарандык активистер менен укук коргоочулар арыз менен милицияга кайрылган. Эки күндөн бери Чубак ажы Жалилов сурак берип жатканы белгилүу болгон.

Количество просмотров: 42