Чудиновдун ордуна Турусбеков Бактыбек Жогорку Кеңешке депутат болуп келет
Чудиновдун ордуна Турусбеков Бактыбек Жогорку Кеңешке депутат болуп келет
14 Кулжа 2018 18:56 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын депутаты Игорь Чудиновдун депутаттык ишмердүүлүгү соттолгонуна байланыштуу токтотулуп, анын ордуна тизмеге ылайык кезекте турган Турусбеков Бактыбек Сагындыковичке БШК күбөлүк жана төш белги тапшырып, Жогорку Кеңештин депутат болуп катталды. Бул туурасында БШКдан билдиришти.
Белгилей кетсек, бүгүн 14-июнда Игорь Чудинов депутаттык мандатынан ажыратылган. Анда «депутаттын күбөлүгү жараксыз деп табылган. Мындай чечимдин кабыл алынышына соттун Игорь Чудиновго карата 5 миллион сом айып салган өкүмү себеп болгон» -деп жазылат.