• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Даңазалуу доор» сериалында башкы ролду жараткан актриса Мерьем Узерли Кыргызстанга келет

27 Бирдин айы 2018 13:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.02.2018.Govori.TV

Түркияда тартылган «Даңазалуу доор» сериалынын башкы каарманынын ролун жараткан актриса Мерием Узерли жакында  Кыргызстанга келери айтылууда. Бул тууралуу «Гамма медиа» компаниясынын жетекчиси, продюссер Ислам Сатаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Мерием Узерли менен кошо «Даңазалуу доор» сериалында роль жараткан башка актерлор да келиши күтүлүүдө. Мындан тышкары,  түркиялык сериалдын жылдыздары бул жакта күйөрмандары менен жолугушуусу күтүлүүдө. Бирок азырынча датасы так белгилене электиги айтылат.

Картинки по запросу мерьем узерли

Похожее изображение«Даңазалуу доор» сериалында башкы каармандын ролун ийине жеткизе аткарган Мерьем Узерли Германиянын Кассель шаарында төрөлгөн. Атасы Хусейн Узерли түрк улутунан болсо, энеси Урсула Узерли немис кызы болгон. Мерьем искусство адамы болууга эч качан умтулган эмес. Бирок ал орто мектепти аяктап, Гамбургдагы актёрлук окуу жайга тапшырууну чечет. Үч жыл билим алгандан кийин өз өнөрүн сынап көрмөккө театрга ишке орношкон. Ал жактагы иши өзү ойлогондой чыкпай, дайыма экинчи пландагы ролдорду гана аткарып, актрисанын бир нече убакыт депрессия абалында жүргөнү айтылат. «Даңазалуу кылым» сериалында Сулейман султандын сүйүктүү жары, Хүрремдин ролу Мерьем Узерлиге атактуулук алып келген.

Эске салсак, «Даңазалуу доор» сериалы кыргыз тилине которулуп, КТРК каналынан эфирге чыккан.

Количество просмотров: 19