• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Данияр Нарымбаев: Куран окуткан жерде Тулеев мушташ жаратты

6 Кулжа 2018 16:13 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.06.2018.Govori.TV.
Президенттик аппараттын экс-жетекчиси Данияр Нарымбаев, жакында түрмөдөн чыккан Нариман Тулеев менен болгон чыры жөнүндө тушундурмө берди.
«Мен бул окуяны комментарийсиз калтырайын деп, бул боюнча мага кайрылган ММКлардын суроолорун жоопсуз калтырып келдим эле. Себеби, кайгылуу иш чараны орой инциденттин тегерегиндеги талкуу менен булгаган болбойт. Мен маркумдун жакындарынан кечирим сурайм. Бул окуяга аралашканга менин каалоом болгон эмес. Бирок, Тулеевдин бул окуя боюнча айтып бергенин окуп, мен чындыкты айтканга мажбурмун»,-деди Нарымбаев.
«Мен чынында, арзыбаган талашка аралашып, Тулеевдин арзан пиарына катышкым келбейт. Бир нерсени айтып коеюн. Биринчиден, ал эмес, мен саламга кол сунбадым. Ал жерде турган адамдар менен гана учураштым. Экинчиден, Сапар Исаковду мен көргөн жокмун. Балким, ал болгондур. Бирок, мен аны көрбөдүм. Учурашкан адамдар менен сүйлөшүп турганымда Тулеев мага бурулуп, кыска сөз сүйлөп, мени чаап жиберди. Куран окуткан жерде мушташ болушу эч мүмкүн эмес! Андан сырткары, ушул жашка келгенде мушташты ташташ керек эле. Мен аргасыз аралашып калдым. Жооп кайтарайын десем, аз эле тийгендей болдум. Себеби, мени анын жансакчысы кармап калды. Тулеев жансакчысынын артынан тепкенге аракет кылды. Ал жерде болгон башка адамдар бизди ажыратып, жамандык маркумдун зыйнатында турганыбызды эскертип, токтотушту. Мен дароо өзүмдү кармадым, ал болсо тынчыбады. “Мен жансакчысыз жүрөм, алардын артына жашынбай, четке чыгып мушташалы” десем болбоду. Тулеевке окшоп мен эч качан жансакчы менен жүрбөйм. Бийликте турганда деле, азыр деле. Анткени, коркконго себеп жок деп билем. Тулеев болсо корко турган жайы бар болсо керек»,- деди Данияр Ильич.
«Ал окуя жөнүндө кеп кылгым келбегендин дагы бир себеби бар. Ал иш экөөбүздүн ортобузда гана кала турган эркекче иш эле. Бирок, Тулеевдин интервью берип, калп айтып чыкты. Анысы эркектикке жатпайт. Ал ар дайым калп айтып, арзан пиар кылып эле басып жүрөт. Бул мага карата провокация болгон үчүн, мындан ары бул окуянын тегерегиндеги сөздөргө да, иштерге да катышпайм. Аны ким түрмөгө каматып, ким акчасын алганын ал өзү жакшы билет. Бирок, ошол нак душманына зыян келтире албай, аны менен соодалашып туруп, мени каматкан. Ал башкалардын оюнунда оюнчук болгонго макул болгон. Ошону менен эркиндигин сатып алды. Кызыгы, азыр ошол душманы алсырап калса да, коркоктугунан ага эмес, мага асылганын койбой келет»,- деп кошумчалады Д. Нарымбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин айрым маалымат булактары ишкер Нариман Түлеев Чолпон Жакупованын энесин жерге берүү зыйнатына барып, куран окуткан жерде Данияр Нарымбаевдин мурдун канжалата сабап салды деген маалыматтарды жазышкан.
Нариман Тулеев бул окуя боюнча интервью берип, мушташты деген журналисттердин бурмалаганы, мен болгону салам бербей, сөгүп кеттим. Алар (ред. Данияр Нарымбаев менен Сапар Исаков) кол сунганга татыксыз адамдар. Бул эки жигит Атамбаевди ажыдаар кылган адамдар. Мени каматканга салым кошкон, камакта жатканымда үй-бүлөмдү “геноцид” кылган ушулар. Анан мен алар менен кантип учурашам?”, — деген болчу Тулеев.
Количество просмотров: 34