• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Дастан заводун сатууга УКМК каршы

7 Бештин айы 2017 16:00 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы жыйынында депутат Улукбек Ормонов «Дастан» ачык акционердик коому качан сатылары тууралуу өкмөт мүчөлөрүнөн сурады.

Мамлекеттик мүлк башкаруу фондунун төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен корутунду түшкөнүнө байланыштуу «Дастанды» сатуу токтотулганын айтты. «Бүгүнкү күндө «Дастандагы» мамлекеттин үлүшү 98 пайыздан ашат. Эки компания анын баасын чыгарган. Макулдашуу этабында УКМКдан «Дастан» стратегиялык мекеме, аны сатканга болбойт» деген корутунду келген. Азыр ишкананын сатылышы же сатылбай калышы боюнча эч нерсе айта албайбыз. Жакын арада белгилүү болот«, — деп жооп берди Зилалиев.

Белгилей кетсек, «Дастан» заводу «Физикалык приборлор» заводу деп 1956-жылы түзүлгөн. 1993-жылы «Дастан» Улуттар аралык корпорациясы» болуп кайтадан түзүлгөн. Анда аскердик продукциялар чыгарылат.

Количество просмотров: 10