• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Э. Сурабалдиева: Депутаттар кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалап турушат

18 Үчтүн айы 2018 12:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01.2018. Govori.TV

Айрым кесиптештерим кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсү кармалса же соттолсо телефон чалып, алардын эркиндикке чыгышына мүмкүнчүлүк беришет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева «Азаттыктын» «Ыңгайсыз суроолор» программасында билдирди.

Анын айтуусунда, парламенттеги айрым депутаттар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн колдоп, алардын эркиндикте жүрүшүнө шарт түзгөн учурлар бар.

“Уюшкан кылмыштуулук менен күрөш үчүн эң ириде саясий эрк керек. Эгер муну Ички иштер министрлиги мойнуна алгысы келбесе, мен ачык эле айтайын, менин парламенттеги айрым кесиптештерим кайсы бир кылмыштуу топтун мүчөсү кармалса же соттолсо телефон чалып, алардын эркиндикке чыгышына мүмкүнчүлүк беришет. Алар муну өз кызыкчылыгы үчүн жасап жатышат. Эгер бизде саясатчылар да кылмышкерлерге кайрылып жаткан болсо, уюшкан кылмыш топтор бизде милициянын ордун ээлеп калганбы деген суроо туулат,»- деди Сурабалдиева.

Эскерте кетсек, өткөн аптада. Дагы бир КСДП фракциясынын депутататы Дастан Бекешев парламенттин пленардык жыйынында сүйлөп жатып, Ыссык – Көлдө кылмыштуу топтун мүчөлөрү  кайрадан баш көтөрүп ишкерлерге салык салып, алардын ишине тоскоол болууда. Бирок буга бөгөт койгон эч ким жок, деп билдирген.

«Өткөн жумада Бостериде бир кафе күйүп кетти. Аны иштетип жаткан ишкер буга кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн тиешеси бар деп эсептейт. Бир жагынан карасаң бул жөнөкөй өрткө окшойт. Буга көңүл буруу керек», — дейт депутат.

Эл өкүлүнүн айтымында, кылмыштуу топтун мөлөрү ишкерлерге салык салып, алардын ишине тоскоол болууда, бирок аларга карата эч ким арыз жазбайт.

«Ишкерлер арыз жазса, кылмыштуу топтун мүчөлөрү келип имараттарды өрттөп кетээрин билишет.Кылмышкерлер кайрадан баш көтөрүп башташты. Буга көңүл бурбасак, арты жаман болушу мүмкүн», -деди депутат.

Количество просмотров: 8