• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Германиянын полициясы Акаевге жумуртка ыргыткан жаран менен сүйлөшүү ишин жүргүздү

11 Бештин айы 2017 18:24 Бишкек Govori.TV

Германиянын полициясы Бермет Акаева жана Аскар Акаевге жумуртка ыргыткан Кыргызстандын жараны менен сүйлөшүү ишин жүргүздү. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги билдирген.

Германияда 9-декабрь күнү Бакыт Кобегенов башында турган «KyrgyzClub-Germany» биримдиги Германиядагы Кыргызстандын жарандары менен Аскар Акаевдин жолугушуусун уюштурган. Кобегенов үч жолу жолугушуу уюштурууга аракет кылган. Биринчисин, Орусиялык илим жана маданият үйүнө, андан соң эки мейманкана менен сүйлөшкөн. Бирок, аталган мекемелер жолугушуу өткөрүүгө уруксат беришкен эмес.

Натыйжада болжолдонгон жолугушуу ишке ашкан эмес. Бирок, Аскар Акаев жубайы жана кызы Бермет Акаева менен бирге чакырылган убактысында келип көчөдөн чакан эл менен жолуккан. Элдин арасында Аскар Акаевге “кыргызча сүйлө”-деп нааразычылык билдирип, плакат көтөргөндөр дагы бар эле. Акаев кыска гана калоо тилегин айтып коштошууга камынганда Кыргызстандык бир жаран эки жолу жумуртка ыргыткан. Бермет Акаева атасына болушуп жумуртка ыргыткан жаран менен уруша кетти жана аны колундагы сумкасы менен эки-үч жолу чапканга үлгүрдү. Ошол учурда Берлиндин полициясы келип чогулгандарды таркап кетүүсүн талап калды. Чогулгандар таркап кетишти.

Жолугушууну Бакыт Кобегенов түз эфир аркылуу чагылдырган жана Кыргызстандык жарандардын көпчүлүгү видеого тартып алышкан. Социалдык түйүндөрдө ошол учурдан баштап Аскар Акаев тууралу ар кандай талкуулар орун алууда.
5 минуталык жолугушууда Аскар Акаев “Кыргызстанда дагы жакшы өзгөрүүлөр болду. Мекенибизде бийлик тынчтык жолу менен алмашканына кубанычтамын. Барыңыздарга жетишкендик жана бакубаттуулук каалайм”-деген калоо тилегин айтты.

Количество просмотров: 5