• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюдарынын талисманы Ак илбирс болуп аныкталды

18 Баш оона 2018 13:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.18.08.2018.Govori.TV.
Ак илбирс алдыда өтө турган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды.
Ак илбирс илгертен кыргыздар үчүн ыйык жаныбар болуп келген жана ар дайым жоокерлерди коргоочу катары эсептелген. Ак илбирстин образы тууралуу көптөгөн жомоктор жана уламыштар таркалып ошону менен бирге сулуулукту, эркиндикти жана күчтүүлүктү берип турат.
Кыргыздардын көчмөн маданияты жандуу жана жансыз табигатка өзгөчө мамиледе экенин мүнөздөп турат. Ак илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага көптөгөн белгилүү адабий жана кино чыгармалар арналган.
Ак илбирс Кыргызстандын борбор шаары Бишкектин желегине жана гербине символ катары түшүрүлгөн. Азыркы колдонуудагы Бишкек шаарынын герби 1991-жылы бекитилген жана чептин тик бурчтуу көлөкөсүндө, тоо астында баш тамгалар менен “БИШКЕК” деп жазылган, анын үстүндө тегерекчеде ак илбирстин сүрөтү түшүрүлгөн.
Дүйнөдө ак илбирстин саны болжолду 3 миңден 7 миңге чейин болууда. Жаныбар Кызыл китепке киргизилген. Белгилүү болгондой ак илбирстин жашаган жерлери Кыргыз Республикасынын баарды региондорун камтыйт, булар Тянь-Шаня тоолорунда, ошондой эле Памир-Алай тоо кыркаларынын түндүгүндө (Алай, Транс-Алай жвнв Туркестан тоо кыркаларында).
Бул уникалдуу жаныбарды жана алардын экосистемаларын сактоо Кыргыз Республикасы үчүн мамлекеттик деңгээлдеги маанилүү тапшырма болуп саналат.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образынын автору — көркөм-коюучу, режиссер-аниматор Төлгөбек Койчуманов.
Ак илбирсти Оюндун талисманы катары киргизүү демилгеси бул жаныбарды коргоо маселеси менен байланыштуу деп белгиледи. “Ак илбирсти бир топ позитивдүү меймандос, тынчтыктын жана жакшылыкты алып жүрүүчү каарман катары бердик. Сүрөт үстүндө иштөөдө биз бир катар Олимпиада жана башка эл аралык спорттук иш-чаралардын талисмандарынан түрткү алдык” – деп белгиледи Төлгөбек Койчуманов.
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырылган делегацияларга, конокторуна меймандостугун жана сый көрсөтүү белгиси катары кыргыз тараптан сувенирлер тартууланат.
Количество просмотров: 31