• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ИИМ: Атамбаевдин кызынын арызы менен Матраимовдун жакынына иш козголгон

14 Кулжа 2018 19:31 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.06.2018. Govori.TV
Былтыр 17-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы менен Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кайнежеси автоунаа токтотуучу жайда чатакташа кетишкен. Ошол эле күнү Атамбаевдин кызы жабырлануучу катары милицияга арыз жазган. Анын негизинде “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, Матраимовдун жакыны 48 саатка камакка алынган. Бирок кийин сотто эки тарап элдешип алгандыктан, иш кыскарган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов маалымдады. Милиция жаңжалдашкан саясатчылардын жакындарынын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок, бирок кимдин тууганы экенин айтты.
Буга чейин жергиликтүү сайттардын бирине Райымбек Матраимов өзүнүн жакыны экс-президенттин кызы менен чырдашып кеткендиктен кызматтан айдалганын айтып чыккан.
Эл ичинде «Райым миллион» атыккан Райымбек Матраимов «мени негизсиз жумуштан алды» деп быйыл апрелде өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн.
2017-жылдын 23-ноябрында Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимге «анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет» деген жүйө келтирген.

Булак:Азаттык

Количество просмотров: 13