• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Көлдөгү жол кырсыгына кабылган 6 адамдын бирөөсү көз жумду

21 Бештин айы 2017 17:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек.21.12.17 Govori.TV

Ысык-Көлдүн Корумду айылындагы жол кырсыгынан жаракат алган адамдардын бирөө каза болду. Бул туурасында Ысык-Көл райондук үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Бүбүайым Жээнбаева билдирди.

Эскерте  кетсек, 20-декабрда  саат 10.40дар чамасында Комсомол айылынан өтүп Корумдуга кире берген жерден BMW жана Audi 100 үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктан жаракат алган төрт адам жандандыруу бөлүмүнө калган экөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Количество просмотров: 3