• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Күндүн ыргагы. Президент Сегизбаевдин шаштысын алууда. Өлмөйүн өрткө сактык жок… Өкмөт “Русгидрого” тизе бүктү…

27 Жалган куран 2018 19:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 27.08.2018. Govori.TV
Коррупцияга каршы катуу күрөшкүсү келген Президент Сооронбай Жээнбеков бир ай мурун эле УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди чакырып алып, катуу талап койгонуна карабастан, бүгүн дагы бир жолу өзүнө чакырып, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Коопсуздук Кеңешиндеги айтылган тапшырмалардын жыйынтыктарын талкууга алды. Ал анча-мынча жылыштар болгону менен коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо боюнча аракеттерди ыкчамдатып, резонанс жараткан жемкорлук боюнча иштерди аягына чыгаруу керек экенин УКМК башчысына катуу тапшырды.  “Экинчи жолу айтып жатам, үчүнчү жолу деген болбойт да, билесиң” дегендей эле сүйлөдү өлкө башчысы түшүнгөн адамга.
Ал антип жатса УКМКнын башчысы өлкө жарандарынын коопсуздугу боюнча кыйла иштер жасалганын, айрыкча, террористтик жана экстремисттик уюмдардын ишмердигин аныктап, аларга жол бербөөгө байланыштуу иштер жолго коюлганын айтып алды. Бул дагы “шеф, биз иштеп эле жатабыз, биздин негизги функциябыз коопсуздукту коргоо, коррупция экинчи орунда” деген кыязда айтылды.
Ооба, баарынан кызыгы Президентибиз резонанстуу жемкорлук иштер деп өтө жумшак, кагазга орогон формада кайсы иштерди айтты? Балким, ачык эле үнүн чыгарып, “Бишкек ТЭЦи боюнча эмнеге коррупция беренеси менен кылмыш иши ачылбай жатат?! Ишти ошондон баштагыла! Жогорку Кеңештен жоголуп кеткен 30 миң доллар боюнча кана жыйынтык? Эмнеге кол койгондор, катышы барлар камалбай жүрөт,ыя?”,-деп койсо болот беле? Албетте, болмок…
Өлүмдөн кийин гана өрткө каршы турушубуз керекпи?
Былтыр, Орусияда 17 кыргызстандык кыз-келин тигүүчү цехте чыккан тилсиз жоодон тирүүлөй өрттөнүп, өзөктү күйгүзгөн эле. Кечээ болсо, Орусиянын Кемерево шаарында оюн-зоок, соода борбору өрттөнүп, бейрасмий маалыматтар боюнча 150гө чукул адам өрттүн кучагында көз жумду. Айрыкча, айылдан кино көргөнү келип, классы менен өрттөнүп кеткен 12 жашар окуучулардын өлүмү дүйнө элининин кабыргасын кайыштырып турган чак.
Мына ашундай алааматтан кийин гана баардык жерде өрт коопсуздугуна каршы кадамдар жасалып, уктап жаткан кызматтар ойгонуп, катуу иштеп жаткандай түр көрсөтүшөт.  Кызыгы, Кыргызстанда болсо ошол өрткө каршы кызматтарда каржылык мыйзам бузуулардын бети ачылып, бюджеттин каражатын сол чөнтөккө “уруп” койгону үчүн кылмыш иши ачылып жаткан чагы.
Ал арада Кыргызстандын Экотехинспекциясы өлкө боюнча 134 чоң базардын ичинен 100 базарды текшерип, анын ичинен 46сын өрт коопсуздугун одоно бузган деп тапты. Демек, кокустан, ошол базарларда өрт чыга турган болсо, товар турмак сатуучуларды аман сактап калууга шарт болбой калат деп түшүнүшүбүз керек. Бул деген биз өрт коопсуздугу боюнча кызыл чекте турабыз дегенди билдирет. Айтмакчы, бир айдын ичинде эки жолу өрттөнгөн Ош базары буга далил.
Ал эми базарлардан тышкары, гипермаркеттерди алалы. Биз билгендей, жаңы курулган “ГУМ Чынар”, “Азия Молл”, мурдагы “Ташрабат”, “Вефа Центр”  сыяктуу ири имараттарда балдардын көңүл ачуучу орундары жалаң жогорку кабатта жайгашкан. Эгер, кырсыкты кайдан деп болсун, кызыл жалын алдыңкы кабаттардан ойгонуп кете турган болсо үстүндөгү ойноп жаткан балдар менен эне-аталар, жүздөгөн кызматчылардын аман калышына кепилдик барбы? Мына ушул жагын экотехинспекция тезирээк чечип, мыйзамдык да, административдик да жолдор менен өрт коопсуздугуна жаңыча чараларды көрүшү керек.
“Русгидро” ырайым берчи..?
Ушул тапта кыргыз Өкмөтү Орусиянын “Русгидро”  компаниясынан Кыргызстандын өкмөтүн эл аралык арбитраждык сотко бербей эле коюусун суранып турган чагы экен. муну бүгүн өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрага орун басары Алымбек Орозбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда Жогорку Нарын ГЭСтерин куруу боюнча сырттан инвесторлор келип, каражат салууга көнүп жатыптыр. Бирок, кашайып, бул ГЭСтер боюнча “Русгидро” Кыргызстанды сотко бергендиктен, инвесторлор да чочуп, келишимге келүүдөн карманып турушкандай. Ошондо кандай болот? Орусиялык компаниянын ырайымын алуу үчүн сотсуз эле биз 37 млн. долларды төлөп калабызбы?
Ал эми ал 37 млн. доллар боюнча да чоң суроолор бар. ЖКнын депутаттык комиссиясы иликтеп чыкканда бул жерде 37 млн. долларлык иш жасалбаганы айдан ачык болгон. Демек, ортодо комдонуп жаткан чоң коррупция бар. Мына ошол оркоюп чыгып калбашы үчүн кыргыз өкмөтү жабылуу аякты жабылуу бойдон калтыргысы келип жатабы? Айтор, суроо көп, жооп жок…
Количество просмотров: 33