• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Сотпу же циркпи? Атамбаевдин «сасык» сөзү жыттууга айланды

7 Бирдин айы 2018 19:25 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.02.2018.Govori.TV

Циркке айланган кыргыз соту?

Кыргызстанда сот системасы чирип бүткөнүн айта берип тил тешилгенди мындай кой тил өзү чирип кеткени калды көрүнөт. Кыргызстанда сотторго болгон элдин нааразычылыгы күндөн күнгө чыңалып бара жатат. Бүгүн дагы бир чуулгандуу иш боюнча сот өкүмү чыкты.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңеш депутаты Аида Саляновага карата Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырды. Судья Ирина Воронцова сот өкүмүн окууга бир мүнөт коротту.

Жогорку Кеңеш депутаты Аида Салянова Бишкек шаардык сотунун чечимин комментарийлеп жатып сот процеесин үч айга созулган цирк деп атады.

«Үч айдан ашык процесс болду, уккандай болуп түр көрсөтүп отурган менен эч нерсе укпаптыр. Биздин жүйөлөрүбуз эске алынган жок. Бул башынан эле цирк болчу. Негизги максат депутаттык мандатты алыш керек болгон. Мага мандаттын кереги деле жок болчу. Ал мага элдин үнүн жеткиргенге керек болчу. Булар ойлоду окшойт мандатты алсак  Салянованын жашоосундагы маанилүү нерсени алабыз деп. Мандаты жок деле колдон келген ишимди кыла берем»,-деп билдирди Аида Салянова.

Макмал кенинин базасында тоо-кен байытуучу ишкана курууга каршы нааразылыктар 1-февралда башталган. Бүгүнкү жыйын Казарман айылдык клубунун алдында өттү, ага жүздөгөн тургун катышты.

Тогуз-Торо районунда бүгүн өткөн элдик жыйында протокол кабыл алынды. Райондун акими Тилек Идирисовдун айтымында, ага жергиликтүү тургундардын бардык талаптары жазылат жана жогорку бийлик органдарына жөнөтүлөт.

— Кандай чечим кабыл алынары мамлекеттик деңгээлде чечилет. Учурда ал жерде иш токтоп турат, — деп билдирди райондун башчысы эл алдында сүйлөп жатып.

Капырай, кадимки эле жарым падыша Медведев «Мегакомго» кызыкты дейт…

“Мегаком” компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууну каалаган швейцариялык ALF Consulting SA компаниясынын артында Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин жакын адамдары турушу ыктымал”. Мындай маалыматты, журналист Эльнура Алканова жеке иликтөөсүнөн кийин жазып чыкты.

Анда ал 400дөн ашык оффшордук компанияларга ортомчу болгон бул кампания Орусиялык олигархтардын катарын толуктап, Forbes журналынын жыйынтыгы менен 700 млн. АКШ долларына ээлик кылып, орус байларынын тизмесинде 142 орунда турган бир тууган Зингаревичтерге тиешелүү болгондугун жазат.

“А деген биз интернеттеги дареги боюнча компанияга байланышка чыкканыбызда эле телефонду Татьяна аттуу орус ысымдуу кыз алды. Ал дарек ALF Consulting SA компаниясыныкы экенин тастыктап, директорунун эс алууга кеткенин, башка юридикалык кызматчылардын да жоктугун, кеңседе 10 кызматкер иштээрин гана айтып, башка суроолорубузга жооп берүүгө укугу чектелгенин түшүндүрдү. Андан соң биз интернет аркылуу бир топ маалыматтарга ээ болдук”,-дейт журналист.

Байсалов: Медведев Мегакомду башына урабы?

Коомдук ишмер Эдил Байсалов «Мегакомду» сатып алууга кызыгуусун билдирген швейцариялык ALF Consulting SA компаниясынын артында Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев турат деген туура эмес экенин айтат.

“Мегаком” компаниясынын 100 пайыз акциясын сатып алууну каалаган швейцариялык ALF Consulting SA компаниясынын артында Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин жакын адамдары турушу ыктымал»,-деп журналист Эльнура Алканова жеке иликтөөсүнөн кийин жазып чыккан.

-«Медведевдин атын аралаштыруунун кереги жок. Медведев Кыргызстанга барып болбогон чуулу компанияны сатып алып эмне кылат, башына урабы? Өзүнүн эли турат, жери турат. Алканова айтып жаткан ал адвокаттык компания да. Адвокаттардын кардарлары толтура. Эмнеге ал компанияняга кайрылган, мисалы Эдил Байсаловдун суранычы боюнча жазышкан жок, же Дональд Трамптын деп коелу, ал жерде көп компаниялардын аты бар. Анан гуглдан Медведевдин жакындарынын байланышы бар деген компаниянын дареги чыга калса Мегакомду Медведев алган жатыптыр деген туура эмес». Чийки иликтөө. Болушу мүмкүн албетте, бирок шанс алты жүздүн бири»,-деди Эдил Байсалов.

Сасык сөзү төрдөн орун алды

Бүгүн, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда “Ата Мекен” партиясынын юристеринин доо арызы боюнча “сасык” деген сөздүн лингвистикалык маанисин карады.

Эсиңиздерде болсо, 2017-жылдын 6-мартында мурунку президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде “Ата Мекен” партиясына жана лидери Өмүрбек Текебаевдин дарегина карата “сасык” деген сөздү колдонуп айыптоо сөздөрүн айткан.

“Ата Мекен” партиясы буга чейин дагы сотко Атамбаевдин сөзүндө ар-намыска шек келтирүү белгилери бар деген доо арыз менен кайрылып келишкен. Бирок, бүгүн сот “сасык” деген сөздө адамдын ар намысына шек келтирүү, басмырлоо, шылдыңдоо белгилери жок деген бүтүм менен чечим чыгарып берди.

А.Атамбаевдин сөзү.

https://www.youtube.com/watch?v=sTTwabk-6cQ

Количество просмотров: 26