• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Ысык-Көлдүн губернаторуна айып салынды. Күйүккөнчө чуркаган губернатор жүрөк жылытты

20 Бирдин айы 2018 11:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.20.02.2018.Govori.TV
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы менен «Нью ТВ» телеканалынын «Жол кайгуул» программасынын журналисттери жүргүзгөн кезектеги рейддин видеосу 18-февралда чыкты. Ал рейддин баш каарманы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев болду көрүнөт.
Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы токтоткондо айдоочулук күбөлүгү жок болуп чыккан Узарбек Жылкыбаев кызматкерлер башка эреже бузуучунун документтерин текшергенче үйүнө чуркап барып айдоочулук күбөлүгүн алып келе калган. Видеодо өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү документти чуркап барып алып келгени анын күйүгүп калганынан эле көрүнүп турат.
Узарбек Жылкыбаевдин мыйзамды сыйлап, журналисттер камера тартып жатканын көрүп коомчулуктун пикирин эске алып, үйүнө чуркап барып айдоочулук күбөлүгүн алып келгени социалдык тармактарда жылуу пикирлерди жаратууда.
Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү жол коопсуздугун сактоочулардын талабына баш ийип, айып төлөөгө макул болуу менен мыйзамга баш ийбей, ыйгарым укугунан пайдаланган айрым чиновниктерге үлгү көрсөттү дешүүдө.
Эске салсак, жол эрежесин бузган айрым айдоочулар жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматына баш ийбей, телефондук укугунан же кызмат абалынан пайдаланып келишет.

 

Количество просмотров: 58