• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Коюу тумандан улам Ош аэропортуна учактар учуп коно албайт

15 Үчтүн айы 2018 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.01.18 Govori.TV

Түштүктүн борборун каптаган коюу тумандын кесепетинен учурда «Ош” аэропортунда учактар учуп конгонго  убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Govori. TV сайтына  бүгүн  эл аралык  “Манас” аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

«Түнкү саат  00.30 дан бери Ош аэропортунун тегерегин коюу туман каптап, учактар учуп коно албай жатат. Андыктан Москва жана Иркутскийдн учуп келеген учактар Бишкектеги «Манас» аэропортуна конушкан.  Жергиликтүү Ош –Бишкек-Бишкек –Ош багытындагы учактар да учпай турушат», — деп билдирди «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек,  метеорологиялык кызматынан билдиришкендей мындай  туруксуз аба ырайы Кыргызстандын аймагында 14- январдан  16- январга чейин күтүлөт.

Количество просмотров: 3