• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин дагы бир телеканалы пайда болду

17 Баш оона 2018 16:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV

«Канал D» телеканалы Алмазбек Атамбаевке таандык экени маалым болду.

Адилет министрлигинин маалыматына ылайык, «Канал D» ЖЧКсы 4-майда Атамбаевдин атына катталып,  телерадиокомпаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири болуп “Апрель”,-коомдук фонду жазылган.

«Канал D» телекомпаниясын   Алтынбек Жумаев жетектейт.

ЖЧК нын мурунку негиздөөчүсү Алтынкул Аккөзов болгон.

2013-жылдан бери канал, салык катары 8 млн.сом төлөп келген.

Мындан сырткары Атамбаев “Апрель” телеканалынын жана ушул эле аталыштагы фонддун ээси.  Каналды  Дмитрий Ложников ал эми “Апрель” фондун Фарид Ниязов башкарат.

Кошумчалай кетсек,  үч компания тең, («Апрель»телеканалы, «Апрель» фонду жана «Канал D «) Алмазбек Атамбаевке таандык “Форум” имаратында жайгашкан.

Количество просмотров: 29