• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мусаев Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди

20 Баш оона 2018 9:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 20.08.2018.Govori.TV.
Балбан Магомед Мусаев Индонезияда өтүп жаткан жайкы Азия оюндарында Кыргызстандын эсебине алгачкы байгени алып келди. Бул тууралуу, жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин маалымат кызматы билдирген.
Маалыматка ылайык, 19-августта 97 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Мусаев финалда ирандык Алиреза Каримимачиани менен таймашып, 6:0 эсебинде жеңилип 2-орунду алган.
Финалдык таймашка чейин Магомед Мусаев үч беттеш өткөрүп, атаандаштарын уткан. Алгач түркмөнстандын балбаны Зиямухаммет Сапаровду 8:2, чейрек финалда ооганстандык Нур Ахмад Ахмадини 6:3 эсебинде таза жеңген. Жарым финалда түштүк кореялык Жаеганг Кимди утуп (1:1), финалга чыккан.
Магомед Мусаев 2014-жылы Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өткөн Азия оюндарында да күмүш байге алган.
Количество просмотров: 24