• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Нарын элинен Президентке кайрылуу

19 Баш оона 2018 13:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.08.2018. Govori.TV
Нарын эли КР Президентине жана бир катар жоопту мамлекеттик кызматкерлерге кайрылуу жасаган катты өзгөртүүсүз сунуштайбыз.

КР Президентине

КР Жогорку Кенешине

КР Коопсуздук Кенешине

КР УКМКне

КР Генералдык Прокуроруна

КР Финансы полициясына

 

                                 Нарын областынын элинин атынан
                                                К А Й Р Ы Л У У .
    Урматтуу Сооронбай Шарипович жана адрестеги жооптуу мамлекеттик кызматкерлер! Сиздердин коррупцияга каршы жасап жаткан аракеттериниздерди биз, Нарындыктар колдойбуз. Биз Нарын областындагы жол куруудагы болгон туура эмес иштерге көнүл буруу жагын сурайбыз. Нарындын жаңы курулган жолдору 20-30 метр сайын эле бутундөй жарылып калды. Аларды жол куруучулар чайнек менен кара май куюп убактылуу жаап жашырып жатышат. Бирок, кышында кайра эле жарылып, жазында суу эрип ичине кирип жолдор жараксыз абалга бат эле келээринде шек жок. Көптөгөн майда көпүрөлөрдүн үстү чөгүп кетип, жук ташуучу машиналар түшүп  кайра катуу секирип жатат. Ушундай жарака болгон, чөгүп жаткан жолдорду кантип көрмөксөн билмексендикке салып кабыл алууга болот? Кабыл алгандан кийин бир аз убакта жарабай калса мамлекеттин эсебинен ремонттолуп мамлекет чыгымга учурай турганы белгилуу.. Ошондуктан жолду кабыл алуудан мурда гарантиялык мөөнөтүн узартуу керек. Ремонттоого кетуучу чыгымдарды жол куруучулардан кармап калган туура болот.
    Коррупциялык жолдор менен мамлекеттик кызматкерлер өз-ара келишип алышып, жолдун алдына төшөлүүчү шагыл алына турган карьерлер проектиде башка көрсөтүлсө, жол куруучулар башка жерлерден мыйзамсыз карьерлерди ачышып, сапатсыз (топурагы көп) шагыл салышты. Шагылды алыстан ташыдык деп бухгалтериялык документтерге көрсөтүп, жакын жерден ташып чыгымдарды негизсиз көбөйтуп акча жешти. (Карьердин баары көрүнүп  турат., эсептесе болот.)
    Башка жерлерде болгон коррупциялык иштер Нарындын жолун курууда дагы болгону анык. Ошондуктан жол министрлигине баш ийбеген, башка, атайын комиссия тузуп жолдун абалын текшертип беруу жагын сурайбыз. Ушундай начар жолдорду курган компанияны тендер өткөрүүдө жеңуучу кылып тандаган тендердик комиссия коррупциялык иштерге барганы көрүнүп турат. Тендердин суммасы 67млн. доллар болсо 47млн. долларга утту кылышканы шектуу иш. Тендердин суммасынын 20%тин биздин чиновниктер алган деген эл арасындагы сөз бекеринен чыкканы жок.
    Бул электрондук турдөгудөй жазылган кайрылууга электрондук турдө кол коюлду. (Лайк баскандар кол койгон болуп эсептелет).
Количество просмотров: 19