• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады

15 Кулжа 2018 10:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.06.2018.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-июнда, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы менен куттуктады.

Төмөндө Өкмөт башчысынын куттуктоосунун текстин келтиребиз:

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана өзүмдүн атымдан Сиздерди Орозо айт майрамы менен куттуктоого уруксат этиңиздер!

Сабырдуулукка, кечиримдүүлүккө, кайрымдуулукка жана каниеттүүлүккө үндөгөн орозонун диний-этникалык, культтук мааниде мусулманчылыкта орду чоң. Баарыбыздын бир ай бою кармаган орозобузда тилек кылган ниеттерибиздин баары кабыл болсун.

Улуу майрамдын бири болгон Орозо Айт майрамында Кыргызстаныбызга жаратканыбыздын нуру түшсүн. Ар бир үйгө береке, кут кирсин. Ар бир адамга бакубатчылык жана аманчылык каалайм.

Айтыңыздар маарек болсун!».

Количество просмотров: 29