• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ысык-Көл облусуна барды

19 Баш оона 2018 8:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.08.2018. Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, 18-августта, Ысык-Көл облусундагы,  III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтө турган Кырчын жайлоосуна барды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Григорьев капчыгайындагы Кырчында «Кыргыз айылы» боз үй шаарчасы түзүлүп, көчмөндөр оюндарынын алкагында маданий иш-чаралар өтөт.
Этно-шаарчаны электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн жеринде электр чубалгыларынын 80 түркүгү жана 5 трансформатор орнотулуп жана чыгуучу дарбаза орнотулуп, мал союучу жай ошондой эле жөө жүргүнчүлөр көпүрөсү дагы курулган.
Андан соң өкмөт башчы Ысык-Көл районундагы Семеновка-Григорьевка альтернативалык унаа жолунун курулушу менен таанышты.

Аталган жолду Кырчын жайлоосуна баруучу башка жолдордогу кыймылды азайтуучу альтернативалык жолго айлантуу каралган.

Кошумчалай кетсек, 2018-жылдын 2-сентябрында Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндары башталып, 8-сентябрда аяктайт. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп, мелдеш улуттук спорттун 37 түрү боюнча өтөт.

Количество просмотров: 33