• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Савченко кантип эл баатырынан, эл душманына айланды?

23 Жалган куран 2018 11:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек.23.03.2018 Govori.TV
Украинанын Жогорку Радасы Надежда Савченкону  депутаттык кол тийбестигинен ажыратууга жана камака алууга «макул» деген добуш беришти. Башкы прокуратура Савченкону Киевдеги  өкмөттүк кварталга «теракт» уюштурууга аракет кылган деп айыптап жатат.  Савченко  ушундай сөз болгондугун танган жок. Бирок ал жөн эле сөз экендигин айтты.
Эл баатыры-эл душманы
Украина армиясында кызмат өтөп жаткан Надежда Савченко 2014-жылы өз ыктыяры менен Донбасстагы чыр-чатака барган. Ал жерден колго түшүп, РТР телеканалынын кызматкерлери Игор Корнелюк менен Антон Волошинди өлтүрүүгө катышкан деген айып тагылган. 2016-жылдын март айында  Орусиянын соту Савченкону 22 жылга эркинен ажыраткан.
Ошол эле жылдын май айында Орусия президентти Владимир Путин мунапыс берип,  Савченко Украинага баатыр болуп кайткан. Надежда Савченко 2014-жылы Орусиянын турмөсүндө отурганда эле  «Батькивщина» партиясынын тизмеси менен депутат болуп шайланган. Украинага келээри менен мандаты тапшырылып, Жогорку Радага депутат болуп отуруп калды.

https://www.youtube.com/watch?v=2hHJstaJbf8

2016-жылдын аягында эле Надежда Савченко менен Украина бийлигинин мамилеси начарлады. Декабрь айында «Батькивщина» партиясынан чыгып, Президенттике коёрун жар салды.  ДЭР жана ЛЭР жетекчилери менен жолукканы Украина бийлигин ого бетер кыжырдантты.
2018-жылдын 15-мартында Украинанын Башкы прокуратурасы Надежда Савченкону «теракт» уюштурууга кам көргөн деп айыптады. Тергөө учурунда Надежда Савченко мурдагы аскер кызматкери Владимир Рубан менен «бийликти басып алууга» аракет кылгандыгы аныкталган. Рубан 8-мартта Майорск текшерип өткөрүү пунктунан кармалганда, унаасынан курал-жарактар чыккан. Ал дароо камака алынган.
Башкы прокуратура Савченко өнөктөштөрү менен бирге Жогорку Раданы жардырууну пландашканын маалымдады. Алар Президент, өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар чогулганда имаратты «миномет» менен атышмак экен. Надежда Савченко болсо ичинен бир нече граната жардырмак экен,-дейт Башкы Прокуратура.
15-март күнү Башкы прокурор Юрий Луценко Жогорку Рададан Надежда Савченкону камака алууга уруксат сураган. 22-март күнү депутаттар добуш аркылуу  Савченконун мандатынан ажыратуу жана камака алууга «макул» болушту.
Учурда Савченко Украинанын Коопсуздук кызматынын имаратында отурат. Жакын арада сот анын баш коргоо чарасы боюнча чечим чыгарышы керек деп жазат,- «Медуза» маалымат агенттиги.

https://www.youtube.com/watch?v=ZpJIhHlZWQ0

Количество просмотров: 19