• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Саясатта оюн бузулду

9 Чын куран 2018 12:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек 09.04.18 Govori.tv

Ойлогон ой ар дайым эле оңунан чыга бербейт. 2010-жылы чүкөсү «айкүр» түшкөн Алмазбек Атамбаев алты жыл бою баардыгы мен ойлогондой болот дегенге ишенип алган окшойт. Ишенгенде да жанагы корооз тууралуу «икаядагыдай» болуп, мен кыйкырбасам күн дагы чыкпайт деп ойлоп калса керек. Ойлогондой эле бар да. Оозунан чыккандын баары аткарылып жатса. Орой сөз менен сөгүп жатса да кол алдындагылар  «аа» деп оозун ачпаса. «Геллап» сыяктуу институттар менен дүжүр серепчилер сизди кыргыз элинин 80 пайызы колдойт деп жатса. 2015-жылы парламенттик шайлоодо КСДП партиясы «Президентти ойлойлу, КСДПны колдойлу» деген ураан менен чыгып, ийгилике жетишип жатса. Анан  Конституцияны өзгөртөм деди. Баарылап референдум өткөрүп беришти. Каршы сүйлөгөн саясатчыларды камайм деди. Камап беришти. Эл дагы унчукпады. Унчуккандар кошо камалды.

Анан баары мен ойлогондой боло берет деген ой келип, бийликти сактап калуу же жакын адамдарды коюп алып өзү башкаруу планын андан ары ишке ашыруу процессин улады.

Сооронбай Жээнбеков момун адам экенин көпчүлүк билсе керек. Мураскер операциясын ишке ашырып баштаганда, Сооронбай Жээнбеков баардыгына макул болсо керек. Коюлган талаптардын арасында, Президент болуп шайланаарың менен Парламентти таратып, кийинки шайлоодо КСДП Жогорку Кеңештин 80 пайыз мандатын алуусуна шарт түзөсүң дегенге да макул болсо керек. Анан шайлоо болду. Кыл чайнашкан кармашта Алмазбек Атамбаев президент башы менен Сооронбай Жээнбековго «агитатор» болуп жүрдү. Ошентин шайлоо да бүттү.

«Барбарос» планы боюнча Сооронбай Жээнбеков ноябрь айында ант берээри менен КСДПнын съезди белгиленмек. Декабрь айында социал-демократтар Алмазбек Атамбаевди лидер кылып шайлап, депутаттар мандатын ыргытышмак. Ошентип Жогорку Кеңеш тарап, жазга жуук парламенттик шайлоо белгиленип, 120 депутаттын 80 пайызы КСДП болуп отуруп калмак. Андан ары жаңы баш мыйзам боюнча өкмөт башчы депутат дагы болуп иштеп, Президенттикинен көбүрөөк укука ээ болуп,  жомоктогудай бактылуу жашап калышмак.

Сооронбай Жээнбеков беш маал намаз окуган такыба киши. Ал бийликти Атамбаев эмес, Алла Талла бергендигине ишенет. Алланын амири менен келген бийлик «аманат» экендигин дагы жакшы билет. Экинчиден пайгамбар жашына жакындап калган Сооронбай Жээнбеков тарыхый миссиясын дагы аткарыш керек.

Алдында эки жол турду. Бирөө Алла-Талланын аманатын жана тарыхый миссиясын аткаруу. Экинчиси Алмазбек Атамбаевдин айтканын аткарып, аны жана анын жан-жөөкөрлөрүн кайрадан бийлик төрүнө чыгаруу.

Сооронбай Жээнбеков биринчисин тандап алды. Алгач Алмазбек Атамбаев кан досунун башка тарапка кетип жатканына өзү ишенбесе керек. Жөн гана ушак экен деп ойлоп жүргөн учурда Коопсуздук кеңешинин жыйыны болуп калды. Ошондогу Сооронбай Жээнбековдун сүйлөгөн сөзүн угуп Алмазбек Атамбаев кырдаал колунан чыгып бара жатканын түшүндү.

Баардыгы ушак-айың. Президент менен экс-президенттин мамилеси мурдагыдай эле деп жүргөндөр көп болчу. КСДП партиясынын съездинен кийинки маалымат жыйында Алмазбек Атамбаев баардыгын ачыктап салды.

Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Болот Сүйүнбаев, Дамир Мусакеев. Бул адамдардын кызматтан алынышы оюн бузулгандыгынан кабар берет. Сооронбай Жээнбеков Президент катары өзүнүн тандап алган жолу бар экендигин, эч качан жетелетме президент болуп бербестигин далилдеп жатса, Алмазбек Атамбаевдин түзгөн пландары картадан салынган үйдөй болуп урап бара жатат.

Количество просмотров: 23