• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Сокулукта эмдөөдөн кийин чуркап жүргөн бала майып болуп калды (Видео)

10 Баш оона 2018 16:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.08.2018.Govori.TV.
Сокулук районун, Кызыл-Туу айылынын тургуну Жумалиева Сабира эмдөөдөн улам баласы оорукчан болуп калганын айтып Govori.TVнин кеңсесине келип айтып берди.
Баласынын келечеги үчүн чыркыраган эне көп жерлерге арыз жазып кайрылган. Бирок анын жазган арыздарынан жыйынтык боло элек. Жыйынтыктын жоктугуна,мыйзам иштебей жатканына, мед.кызматкерлердин жоопкерчиликсиз иштегенине Сабира Жумалиева нааразы.
“Мен башынан эле эмдөөгө каршы болчумун. Бирок эмдөө алышың керек ансыз дагы сен кечиктирип жатасың дешти. Мен балам бир жашка толгондо башын тартттырганда “черепной давление” болгонбуз деп эмдөөгө каршы болдум. Алар жок сенин балаң таза, эч оорусу жок алышың керек деп эмдөө жасашты. Эмдөөдөн кийин эле балам алсырап, жөтөлүп, ден-соолугу начарлап баштады. Врачка болуп жаткан кырдаалды түшүндүрсөм, ал “сен кандай түшүнбөйсүн, майлап кой,эмдеп кой!”,- деп кетирип жиберди.
Балам сүйлөп,чуркап ойноп жүрчү. Баламдын таза кезиндеги видео сүрөттөрү бар, балам алардын шалаакылыгынан улам ушундай абалга туш болду. Балам 4 жаштан ашты, сүйлөбөйт, эч нерсе түшүнбөйт, өзү кармап тамак жей албайт, кулагы укпайт. Мурун иштечүмүн азыр баламдын жанынан жыла албайм.
Медициналык кызматкерлерде таптакыр жоопкерчилик жок. Дагы деле ошол орундарында иштеп жүрүшөт. Мен сыяктуу болгон окуялар өтө көп. Алар бул фактыларды жаап жашырышат. Келген вакцинациналардын сапатын текшеришсин! Эртең менин абалым, башка ат-эненин балдарынын дагы башына келип калышына эч ким кепилдик бере албайт”, – деп көз жашын көл кылды эне.

Количество просмотров: 46