• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Турганбаев «Дөө Чыңгызды» ким кантип бошотконун айтты

18 Үчтүн айы 2018 17:44 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.01. 2018 Govori.Tv

ИИМдин мурдагы министри “Дөө Чыңгыз” каймана аты бар кримтоптун мүчөсү делген Чыңгыз Жумагуловду  соттордун мыйзамсыз бошотуп жибергенин айтты. “Бул сот кызматкерлерин “сыгыш” керек. Эмне деген бардак? Жогорку Соттун өкүмүн тоготпой, райондук сот бошотуп жиберип жатса?! Мурда жок дегенде анча-мынча абийир бар болчу, азыр ал да жок калды. Демек, сот системасын көзөмөлгө алган эч ким жок”,-деген экс-министр вести.кж сайтына пикирин билдирип жатып.

Анын айтымында, сот органдары уюшкан кылмыштуу топторду өздөрүнүн акырына айландырып алышкан. мындай крим төбөлдөрдү эркиндикке чыгаруунун баасы болжол менен 20дан 50 миң долларга чейин бааланат.

 

Количество просмотров: 23