• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жума ыргагы… Шадиевдин качышы Батукаевдикинен айырмаланбайт… Экс-президент унчукпас болуп кетти. Эмнеге?  Кадр саясатындагы кан куданын орду…

2 Кулжа 2018 14:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 02.06. 2018. Govori.TV

“Шоктонгон”  Исаков “шок” болду…

Өтүп бара жаткан жума саясий окуяларга бай болду. Жума башында экс-премьер-министр Сапар Исаковго “Коррупция” боюнча кылмыш иши козголгону ачыкталып, аны суракка чакырган УКМК айыбын угузуп туруп, кайра кое берди. Бул мурдатан эле күтүлгөн нерсе болчу. Сапар Исаковдун Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча ишке тиешеси бардыгы тууралуу, анын жоопкерчилигин өзүнчө бөлүп кароо тууралуу Жогорку Кеңештин токтому токулганда эле бул айкындалып калган. Эртеби, кечпи Сапар Жумакадырович ошол иштерге күбө эмес, башкы фигурант болоору сокурга да маалым эле. Аңгыча эле күтүлбөгөн жерден Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясындагы алашем иштер, асмандатылган баалар чыга калып, ал иште да тилекке каршы Сапар Исаковдун кулагы көрүнө калды. Себеби, бирөө оозун тырмагансып, ошол одурайган фактылар чыгаар алдында “Апрель”  каналына маек берген мурдагы өкмөт башчы “Буюрса, тарых музейи кыргыз сыймыктанган музей болот, мен ага башынан аягына чейин кураторлук кылдым, өзүм көзөмөлдөп ишке ашырдым” деп балп этиптир.

Аңгычакты, ал жактан да баасы 600 долларды чапчыган куу союлдар менен 294 млн. еврого кызмат көрсөткөн консультат-дизайнерлер, баасы 14 миң доллар турган желип аттар коомчулуктун алдына чыга калышканда, Сапар Исаковдун башынынан айланып турган сур булут, биролото түнөрдү да калды.  Кызыгы, Сапар Исаков кураторлук кылган иштерде атайын коюлган коррупциялык чендер барбы деген да ой келет. Анткени, ТЭЦтеги аттиштин баалары менен музейдеги куу союлдардын баасы 600 доллар болуп дал чыкса, ТЭЦтеги видео-камералар менен желим аттардын баалары да 14 миң доллардан окшош чыгып жатат.

Ал арада дал ушул музейди курууда башкы курулуш иштерин өзүнө алган “СМУ-3”  курулуш компаниясы 2016-жылы Чолпон-Атадагы атмайданды реконструкция кылганы ачыкталып, мыйзам бузуулар менен, тагыраагы-курулуштун техникалык-экономикалык негизмеси толук иштелип чыкпаган, жумшала турган каржынын сметасы толук иштелип, тиешелүү экзпертизадан өтпөгөн өкмөттүк курулуштардын баарын кандай эле жалгыз ушул компания тобокелчилик менен өзүнө алып,  кошумча долбоорлоо менен иштин каржылык суммасын жогорулата берет деген суроо кабыргасынан коюлуп калды. Соболго алар жооп тапканча Чолпон-Атадагы ипподромдун курулушу боюнча да кылмыш иши козголуп, каржылык мыйзам бузуулар аныкталып жатканын укук коргоо органдары жарыя кылып жиберди. Демек, Сапар Исаковдун жооп бере турган иштер абдан көп экени, ал эми бир топ убактысын сурактарга арнай турган болуп калды. Азырынча, албетте, өкмөттө таза иштегенин, коррупцияга катыштыгы жоктугун айтып, өзүн саясий куугунтук жеген саясатчы катары көрсөтүүнүн далалатында болууда. Эми анын актыгына сот гана чечим чыгарбаса, айтыш кыйын болуп калды…

Аскар Шадиевдин качышы Азиз Батукаевдикине окшош…

Ушул жылдын 28-апрелинде  мурдагы вице-премьер, “Бирбол”  фракциясынын ЖКдагы депутаты Аскарбек Шадиевге УКМК тарабынан “Кызмат абалын кыянат пайдалануу” беренеси  менен кылмыш иши козголгон. Бирок, анын жардамчысы Аскар Шадиев өзүнө кылмыш иши ачылаардан 27-февраль күнү дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин жар салат. Ал эми чек ара кызматы, УКМК, Башпрокуратура баардыгы тең бир ооздон “Шадиев Кыргызстандан чек арасын кесип өткөн эмес” деген жоопту кайталап, ал тургай 31-майда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да анын Кыргызстанда экендигине ишенип жатканын айтып келет.

Бирок, кечээ буга чейин биз кайталап жазып келгендей анын Кыргызстанда эмес экени ачыкка чыгып, 27-апрелде Аскар Шадиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылына барганын, ошол жактан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, Ходжент-Москва каттамы менен Москвага учканын, ошол эле күнү “Домодедово” аэропортунан дипломатиялык паспорту менен Нью-Йорк шаарына учуп кеткенин жарыя кылды. Албетте, эми ага атайын кызматтар “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси менен экинчи ишти козгоору анык.

Бирок, жакшылап түшүнгөн кишиге Аскарбек Шадиевди качыруу бул азыркы бийликтин катышуусу менен жасалган атайын эле операция болду. Бул Алмаз Атамбаевдин учурундагы коркунучтуу кылмышкер, кримдүйнөнүн төбөлдөрүнүн бири Азиз Батукаев Бишкектен кызыл килемге салып узаткан операциянын эле сылыгыраак жасалган бир түрү болуп калды. Анткени, февраль айында эле ири каржылык мыйзам бузууга күбө катары тартылып, аз өтпөй үстүнөн кылмыш иши ачылган, сурактарга чакырылып, андан кийин үй-мүлкү конфискацияга алынган Аскарбек Шадиев азыркы бийлик төбөлдөрүнүн уруксатысыз артынан жүргөн атайын кызматты жазгырып, Баткенден Тажикстанга суу кечип өтө качышы таптакыр мүмкүн эмес болучу.

Демек, мунун баары сүйлөшүлгөн, а дегенде аны сыртка чыгарып туруп, эртеси күнү ага кылмыш ишин ачышкан. Бирок, эмнегедир тергөөчү ошол күндөн бери бир да жолу аны суракка чакырбай, кайда экенин тактабай, убакытты атайылап создуктурган. УКМК да коомчулукта анын качканы тууралы айтылып, Жогорку Кеңештин депутаттары “Шадиев кайда?” деп такалап жаткан чакта анынн кайда экендигин бир тактап коюуга атайылап барбай, эптеп жаңылыкты жайга жеткирүүнүн аракетин көргөн. Себеби, жай бул коомчулуктун саясий активдүүлүгү азайган, бийликтегилерге абдан ыңгайлуу учур. Жайкы ысыкта элдин баары башын көлөгө качырып, жайлоолоп, талаачылык менен алек болуп, Шадиевдин артынан азыркы күч кызматтарына талап коймок тургай, өз арбайын араң согоорун булар жакшы билишет. Демек, Шадиевди качыруунун артында Батукаевдикиндей эле уюшкан бийлик топтору тураары айдан ачык.

“Унчукпас болуп кеттим, туталанып…”

Ошентип, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасы бүгүн кечээки сүргөн доорондун эсебин берчү жерге келип калды. Анын оң колу Сапар Исаковдун бир буту үйдө, бир буту суракта. Дагы бир көзгө басаар көзүрү, убагында баардык бийлик бутактарынын башын чөп башылаган малдай кыдырып чыккан Кубанычбек Кулматовго да “Корруция”  беренси менен кылмыш иши жанданды. Анын үй-мүлкү тинтүүгө алынып, эки күндүн биринде УКМКнын эшигинен көрүнүүдө. Дагы бир ишенген тиректеринин бири, отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн Албек Ибраимовго да укук коргоо органдарынын колу жетип, ага “Дастан”  заводунун мүлкүн мыйзамсыз саткандыгы тууралуу кылмыш иши ачылды. Ага кошумча, Бишкек шаарынын менчигиндеги жерлердин күмөндүү сатылышы боюнча да кылмыш иши ачылып, тергөө башталган чак. Аз күндө баасы 9 миң сомдук көчөттөрдөн да каржылык мыйзам бузуу калкып чыга турган болууда. ТЭЦтен башталган кыңыр иштер музейге жетип, андан ары ан майданга барып, коомчулукта “акыркы 3-4 жылда Алмазбек Атамбаевдин командасы мамлекетти максаттуу түрдө эле жеген турбайбы…” деген жыйынтык жашап жаткан чагы.

Бирок, ушунун баарын угуп туруп, Алмазбек Атамбаев эмнегедир унчукпайт. Демейде, оозунан шилекейи чачырап, өзүнөн башканын баарына акыл үйрөтүп, каршылаштарын каарып, журналисттерге да сөөмөй кезеп, “уурунун орду түрмөдө!” деп күрсүнсө чөптөр жата калчу Алмазбек Шаршенович бүгүн “кымыз ичип жатат” дедиртип коюп, коомчулуктан өзүн окчун кармоодо. Ал унчукпаган сайын ар ким ар кандай ойго кетип, анын жымжырттыгынын артында бир нерсе бардай элейгендер да бар.

Балким ал азыркы болуп жаткан окуяларга саамал ичип отурганда сергек ой жүгүртүп, өзүнүн катачылыктарын сезип, команда куроодо жаңылышып калганын моюндап, мамлекетти миллиондогон сомдорго чыгымга учуратканына уялып, орустар “молчание-знак согласия” демекчи, өзүнүн башын өзү койгулап жаткандыр…

Же болбосо, ал дагы Сапар Исаков ойлонгондой ойлонуп, коррупцияга каршы болуп жаткан күрөштү Кубаныч Кулматовдой түшүнүп, өзүнүн командасын саясий куугунтук жегендердин тобу катары элестетип, бул бийликке кайсыл жагынан сокку уруунун планын чийип жатты бекен? Азырынча, “Апрель” телеканалынын оозу менен кези келген жерди куру кетирбей, Президент менен Премьердин ар бир кыймылын кароолго алып турганы маалым. Ошондой эле социалдык түйүндөрүндөгү жазмакерлер армиясы дагы анын оюндагысын он эсе ашыгы менен аткарып жаткансыйт. Анткен менен өзүнүн унчукпаганы өтөт табышмактуу. Ачуусу чукул киши кантип карманып отурат түшүнүксүз.

Же, опурулуп ооз ачкандардын абалы жакшы болбой жатканын көрүп, жүрөксүнүп, коколой башын сактап, командасын садага чаабууга барганы жатабы? Айтор суроо көп, “Апрелден” болсо чыгып койсо болот эле…

Шоопурлардын доору бүтүп, кудалардын доору башталбаса экен…

Сооронбай Жээнбеков канчалык жөнөкөй, канчалык ыймандуу, сүрсөөлөттөн алыс адам болбосун, коррцияга каршы, тууганчылык-, кландык бийликке жол бербесин канчалык каршы тураарын кайталап айтпасын, баары бир акыркы учурларда бир айың кеп ага жабышты да калды.

Бул “кадрдык саясатка Президенттин кан кудасы Алиярбек Абжалиев киришип жатат” деген сөз. Албетте, алгач укканда буга эч ким деле ишенчү эмес. Анткени, Алиярбек Абжалиевди, Жогорку Кеңештеги “Республика-Атажурт”  фракциясынын депутатын жакшы тааныгандар анын мындай осол иштерге одоно аралаша турганына түк ишенишчү эмес. Ал Сооронбай Жээнбековдун кызына уулун үйлөп, куда болгонго чейин эле, кудасы президенть болгонго чейин эле өз алдынча кадыр-барк күткөн, өз мээнети менен оокатын кылып, мамлекеттик жооптуу кызматтарды аркалаган, Ошто кадыры калыңдардын бири болчу. Анын үстүнө Президент “эч кимди кийлигиштирбейм” деп, иниси Асылбек Жээнбеков дагы саясий иштерге көп аралашпай, депутаттыгы менен алек болуп, шайлоо учурундагыдай элди кабылдамасына кезек күттүрбөй калган болчу.

Бирок, болбой эле бул кудага болгон кептер чындап жүрө баштады. А дегенде эле башкы прокурор болуп келген Өткүрбек Жамшитовго аны байлашып, бир түндүн ичинде Алиярбек Абжалиевдин башка талапкерлерден артыкчылыктуу алып келгени сөз болгон. Анда биз өлкө башчынын кудасынан маек алганыбызда бул курулай доомат экенин, башпрокурорду тааныбай турганын айткан.

Кийинчерээк, Алиярбек мырзаны өкмөт башчынын кабылдамасынан көргөн көбөйө баштады. Ал тургай министрлер, министрлердин оорун басарлары тар чөйрөлөрдү күңкүлдөшүп, “паланча куданын талапкери экен”, “куда кыйнап атат, бирөөнү ишке кой деп” деген сыяктуу кептерди чыгарып, алар телефондук тездикте коомчулукка угулчу болду. Балким мунун баары жалгандыр. Президенттин коррупцияга каршы күрөшүнүн мизин эртелеп майтаргысы келгендер, кечээки коррупцияны гүлдөтүп жыргаган доорун кайтаргысы келгендер атайылап Алиярбек Абжалиевге жаанын жебесин узатып жатышкандыр. Ылайым ошондой болсун.

Бирок, эмнеси болсо да эки куда Орозонун күнүдө маңдай-тескей оозачаарга отуруп, ортодогу сөздөрдү акырын териштирип, өздөрүнчө сүйлөшүп алганы оңдур. Убагында, Алмазбек Атамбаевдин кадрдык саясатын шоопуру Икрам Илмиянов чечип жатыптыр десе, өмүр боюу базарда эт сатып анан, машиненин рулунан алыс кетпеген Икрам Илмияновдун мындай сапатына түк ишенишкен эмес. Күлгөндөр көп болгон. Кийин эле ошол күлкүсү чуккандар Президенттин шоопурунун алдында так текедей ойноп, ага жолукканга зар болуп,  Икрамдын ишааратына суусап калышканын турмуш көрсөттү. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков дагы туугандарын катуу кармагандай, кудаларына деле бир аз талап коюп, кыз берген жердик кылып, кадрдык маселени өзү менен өкмөткө эле кайтарып бергени оңдур…

 

Количество просмотров: 24