• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

10-декабрь. Күндүн ыргагы…  “Итерем” деген жетекчи, ичимдик ичкен кол алдындагыны жумуштан айдады. Маданияттуу болуп бүттүк, эми элетти өнүктүрөлү

10 Үчтүн айы 2018 18:58 Бишкек Govori.TV

Кечээ кызматтык кабинетте коңурукту кош тартып уктап жаткан видеосу тараган Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы Расулбек Ташов бүгүн жумуштан айдалды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети маалымдады.

Кызматтык иликтөө бир күндө эле аяктап, Расулбек Ташовго Эмгек кодексинин “жумушчу тартипти так сактабагандыгы жана жумуш ордуна мас абалында келүү”  беренеси коюлду.

Ошондой эле милдетин так аткарбагындыгы үчүн анын орун басары Шайырбек Арапов дагы кызматынан бошотулду.

"SAFARI" представляет:"Шок!! Начальство "набухалось" прямо на работе!!!"Видео снято в конце декабря 2017 года в Ноокатском районном отделе государственной статистики; по информации второй человек якобы является начальником одного из РОВД.Оставьте свое мнение в комментарии!Максимальный репост!!!

Опубликовано Искен Афиджанов Понедельник, 8 января 2018 г.

Расулбек Ташов иш бөлмөсүндо арак ичпегендигин, анын кабылдамасындагы катчы кыз шербетке дары кошуп берип койгондугун кечээ айткан. Улуттук статистика комитетинин жетекчиси Акылбек Султанов мындай жетекчиге чара көргөндүгүно корстон болуп отурат. Бирок өзү деле депутат кезинде, ошо Ошто жүрүп ГАИ кызматкерин “итерип” коём деген видеосу тараган. Эшегине жараша тушагы дечү беле.

«Сентябрды» жаптык эми «Апрелди» ачалы

Кыргызстандын медиа айдыңында жакында “Апрель” телеканалы пайда болот. Бул сиз ойлогон “Сентябрь” телеканалынын жаңы аталышы эмес. “Кактус медиа” сайты жазган маалыматка ылайык жаңы телеканал иштеп жаткан “ON1” телеканалынын базасында түзүлүп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Форум” имаратында жайгашат. Жаңы “Апрель” телеканалында негизинен жакында эле иштен кетишкен “5-каналдын” журналисттери иштешмекчи. Ал эми “Апрель” телеканалынын башкы директору болуп “Бешинчинин” мурдагы башкы редактору Дмитрий Ложников болмокчу.

Ишенимдүү булактардын кабарлоосу боюнча жаңы телеканал ачуу идеясы президент Сооронбай Жээнбеков ишке киришкен соң болгон. Анткени коомдук канал баштаган бардык мамлекеттик каналдар президент Сооронбай Жээнбековду гана көрсөтүп калгандыктан, бул экс-президентке жаккан эмес.

“Апрель” телеканалы болуп өзгөрө турчу “ON1” каналынын ээси Туманбаев Каныбек Тургунбекович экени белгилүү. Каныбек Туманбев экс-президенттин шоопуру катары белгилүү Икрамжан Илмияновдун өкүл баласы экени айтылат. Жаңы телеканалдын “Форум” имаратында жайгашары, жана ага ээлик кылган Икрамжан Илмияновдун өкүл баласы экендигин эске алганда “Апрель” телеканалы менен экс-президентттин байланышы бар болушу мүмкүн.

Социалдык тармактарда экс-президент Алмазбек Атамбаев жаңы телеканал ачып жатыптыр деген сөз кызуу талкууга алынып жатат. Айрым интернет колдонуучулар “5-канал” колдон колго өтүп отуруп, Кой-Таштагы жер тилкесиндей Алмазбек Атамбаевден чыгып каларын боолголоп жатышса, айрымдарына телеканалдын аты кызыгууну жараткан. Анткени, ай аттарынын бирин алып жүргөн оппозициялык “Сентябрь” телеканалы жакында эле Жогорку Сот тарабынан жабылган. Ал канал Алмазбек Атамбаевдин оппоненти, камакта жаткан Өмүрбек Текебаевге тийешелүү экендиги белгилүү. Мындан улам, экс-президентке таандык деп саналып жактан телеканалга “Апрель” деген ат коюу эмне себептен болгондугуна кызыккандар көп. Айрым интернет колдонуучулар 1-апрель калп айтуу күнү менен байланыштырышып да жиберүүдө.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев менен мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин саясий тиреши учурунда мамлекеттик телеканалдар Атамбаевге, ал эми «Сентябрь» телеканалы оппозициялык саясатчыга кызмат кылганын айткан жарандар, эми эки белгилүү саясатчы «Сентябрь» жана «Апрель» каналдары аркылуу маалымат согушун уланта берүүгө чакырууда. Ал үчүн сот аркылуу жабылган «Сентябрь» каналына эфирге чыгууга уруксат берүүгө үндөшүүдө.

2018-жыл Элет жылы деп жарыяланды

Президент Сооронбай Жээнбеков Нарынга келет экен деген жергиликтүү жетекчилер  түнү менен жолго кум сээп, таптап чыгышыптыр. Мындай видео бүгүн интернетке тарады.

Эми ошол жолго Президент келбесе деле кум сээп, карапайым жүргүнчүлөргө шар түзүп койсо болбойт беле.

Ал эми Президент бүгүн Жумгал районунун эли менен жолукту. Эскерте кетсек Сооронбай Жээнбеков шайлоо кербенин так ушул Жумгалдан баштаган эле.

“Мен шайлоо алдындагы программамдын баарын аткарганга даярмын. Себеби менин программам кадимки карапайым элдин жашоосун оңдогонго багытталган. Жакында 2018-жылды «Элет жылы » деп жарыялоо боюнча жарлыка кол коём. Ошол жерде аймактарды өнүктүрүү программасы камтылат деди»,-Сооронбай Жээнбеков.   

Ошентип 10-январь дагы өтүп кетти. Өлөйүн десең өмүр кымбат, жашайын десең көмүр кымбат.

Количество просмотров: 69