15-февралда айрым жерлерде кар жаап жолдор тоңолок болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.
Чүй менен Талас өрөөндөрүндө 0…5 градус жылуу болсо, Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2…7 градус жылуу болушу күтүлүүдө. Ал эми Ысык-Көлдө аба ырайы 1 градус сууктан 4 градуска чейин көтөрүлсө, Нарында 10 градус суук болору айтылды.
Борбор калаабыз Бишкек жана Ош шаарында кар жаап, 4…6 градус нөлдөн жогору болот.