• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

16-январь. Күндүн ыргагы… Бабанов кетсе, Атамбаев келет…

16 Үчтүн айы 2018 19:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек 16.01.2018. Govori.Tv

Учак кырсыгына 1 жыл… Жашоо уланууда…

Кыйкырык, чуу… Айылдын бир көчөсүн бүтүн өрт каптап, таң заарда жардам сураган үндөр, жакынын жоготкондордун жер көтөрө алгыз кайгысы, үн күчөткүчү жер силкинтип, ары-бери каттаган өрт өчүрүүчү унаалар, куткаруучулардын, тез жардамдын унаалары…

Бүгүн, Кыргызстандын калкы үчүн оор күн. Себеби, туура бир жыл мурун, 2017-жылдын дал ушул күнү таңда жүк ташыган “Боинг” учагы “Манас” аба майданына жакын жердеги Дача-СУ айылынын үстүнө кулап түшкөн. Бул каргашадан 39 айылдын жай тургуну, анын ичинде 12 өспүрүм өз өмүрлөрү менен коштошуп, экипаждын 4 кызматкери да каза тапкан. Бүтүндөй кыргыз эли азадан башын көтөрө албай, алмончоктой балдарынан ажырагандар энелердин, аска-зоодой тирек болгон эне-атасынан ажыраган уул-кыздардын аза кайгысына жалпы эле тең орток болуп,  кыргыз бир муштумдай бириккен күн эле.

Кыргызда “өлгөндүн өз шору” деген кеп бар. Анын сыңарындай,  апааттын күйүтү акырындап басылып баратат. Жетимдер жетилүүдө. ӨКМнын Дача-СУдагы кырсыктан жабыркагандарга деп ачкан эсебине, 102 млн 160 миң 180 сом түшүп, жабыркагандарга бөлүнүп берилди. Андан тышкары учактын ээси болгон түрк компаниясы да элдин кенемтесин өз учурунда төлөп берип, жетимдер үчүн алар 18 жаштан өткөндө берилүүчү эсеп ачканы кабарланды. Жашоо уланууда.

Бабанов өзү келсин!

Бүгүнкү күндүн дагы бир жаңылыгы саясатчы Өмүрбек Бабановдун депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кетем дегенине БШКнын “макул болбогону” болду. Кызыгы, саясаттан кетээрин жарым ай мурун Кыргызстандын сыртында жүрүп жарыялаган Өмүрбек Бабанов али күнчө БШКга мандатын тапшыруу арызын бербей жүрүптүр. Муну кечээ, БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов айтып чыкты эле, бүгүн Өмүрбек Бабановдун арызы аталган органга жолдонуп, БШКнын мүчөлөрү  отурумда маселени карап, мандатынан ажыратмак. Бирок, БШК бул арызды кароодон баш тартыптыр. Себеби, арыз Өмүрбек Бабановдун өз колу менен жазылган эмес жана анын өзү жазгандыгы тууралуу күбөлөндүргөн да эмес экен. Демейде, айрым мыйзам бузууларга арыдан-бери көз жумуп жиберчү БШК болсо так мыйзамды сактап, арыз өз эрежеси менен келиши керектигин айтып, моюн толгоду. Балким, үстүнөн  кылмыш иши козголгон Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга келтирүү аракети болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да, Өмүкенин келмегинен кетмеги кыйла кызык болду…

Илең-салаң демократия

Дагы бир жаңылык кыргыз бийлиги канчалык “Биз постсоветтик өлкөлөрдөгү эң демократиялуу өлкөбүз” деп жар салбасын, эл аралык эгемендиктин эсеп-чотун каккан  “Фридом Хауз” уюму Кыргызстанды “жарым-жартылай демократиялуу өлкө” деген тизмеге койду. Уюмдун тизме сабында биз 195 мамлекеттин ичинен 37 упай топтоптурбуз. Иликтөө ээлери жалпысынан дүйнөдө демократия жолдон тайып бара жатканын, акыркы 12 жылда 71 мамлекет адам укуктары менен саясий эркиндиктерин сактабай кургуйга кулап бара жатканын, 35 мамлекет гана алдыга умтулганын баяндаган. Дагы жакшы, Кыргызстан Борбордук Азия ичинде “демократиялуураак” болуп чыгыппыз. Мисалы, Тажикстан 11 упай, Казахстан 22 упай, Өзбекстан 7 упай менен демкратиядан алыстап бараткандарга кошулса, Түркмөнстан 4 упай менен эркин эмес мамлекет катары табылыптыр…

“Алтынкен” 3 тоннага чукул алтын берди

Ошондой эле дагы бир жагымдуу жаңылык, Кемин районундагы  Талдыбулак-Солжээк алтын кенин иштеткен кытай компаниясы алтын өндүрүп, бюджетке киреше киргизе баштаптыр. Айталы, 2017-жыл ичинде “Алтынкен”  компаниясы 2 тонна 700 киллограмм алтын өндүрүп, кийинки жылга 3 тоннага жеткире турганын маалымдады. Бул албетте, Кумтөргө салыштырмалуу кыйла аз көрсөткүч, бирок, “башталат баары майдадан” деп үмүт артып туралы.

Кызыгы көп КСДП

Жыл жаңыргандан бери эле саясий коомчулукта “КСДПнын курултайы ана болот, мына болот” болуп, бирок, эл күткөн партиянын жыйыны улам артка созулуп келе жатат. Анткени, дал ошол жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясий ишмердиги кандай нукта жүрөт айкындалмак. Анын үстүнө  ал Президент учурунда “мен саясатка кайтып келем, бирок, эски саясатчылардын баарын ала кетем, жалгыз мен келем” деген таризде маектерди берген эле. Ошондон улам, ал кайрадан партиянын башына келсе болбоду дегенде партиядан Жогорку Кеңешке депутат болуп келиши мүмкүн. Ал эми сүрөөнчүлөрү күчтүү болсо Өкмөттүн эки тизгин, бир чылбырын деле алышы мүмкүн. Мына ошондуктан, бул бүйүр кызыткан жыйын боюнча, бүгүн экс-спикер Чыныбай Турсунбеков да үн катып, “Курултайды уюштуруу иштери жүрүп жатат, партиянын төрагасын шайлоо күн тартибиндеги негизги маселе. Курултай январь айынын  аягында же февраль айынын башында болот”,-деп билдирген.

Кандуу жолго кара май

Ош-Бишкек жолундагы бүгүн дагы бир кырсык катталды. Бул жолу күйүүчү май ташыган «DAF маркасындагы оор унаа Кара-Көл Бүгүн, 16-январда саат 14:30га чукул Жалал-Абад-облусунун Кара-Көл шаарында жолдон чыгып, оодарылып кетти. Албетте, кан жолдун үстүнө кара май төгүлүп, куткаруучулардын жардамы менен майдын көп бөлүгү төгүлбөй сакталып калды. Бактыга жараша, айдоочулар зыян таткан эмес. Негедир эле, акыркы убактарда күйүүчү май тарткан унаалардын кырсыгы көп учурачу болду. үч кун мурун эле ушул жолдун Чычкан капчыгайындагы бөлүгүндө күйүүчү май тарткан унаа менен жеңил унаа кагышып, төрт кыргыз жараны көз жумган эле…

 

Количество просмотров: 43