• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Кара-Дарыяга унаа түшүп кетип, үч адам каза болду

13 Чын куран 2018 17:49 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 13.04.2018. Govori.TV
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Достук айылында Volkswagen Golf 3 үлгүсүндөгү автоунаа Кара-Дарыя суусуна түшүп кеткенин ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкара албай жолдон чыгып кеткен.
«Кырсыктын кесепетинен жеринде эки адам каза болуп, 2017-жылы туулган наристе ооруканада чарчап калган», — деп айтылат маалыматта.
Андан сырткары, бир аял менен эркек киши райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин Жалал-Абад шаардык куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барды.

 

Количество просмотров: 3