• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

2-апрелден тарта жеңилдетилген шартта автоунааларды каттоо башталат (видео)

14 Жалган куран 2018 15:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.03.2018. Govori.TV.
2-апрелден тарта  автоунааларды жеңилдетилген шартта  каттоо башталат. Бул туурасында мамлекеттик каттоо кызматынын унааларды каттоо бөлүмүнүн орун басары  Усеин Касмалиев бүгүн 14-марттагы маалымат жыйында билдирди.
Унааларды каттоо 3 айга чейин жүргүзүлөт. Каттоо үчүн каттоо күбөлүгү жана ишеним кат керектелет.

«Азыркы учурда 2500 миңден 5500 миңге чейин каттоо жүрүп жатса, жеңилдетилген каттоо мөөнөтүндө 500 же 1000сомго чейин 3 эсе арзандатуу болуп калат. Мындан сырткары каттоо күндөрүндө кезек күткөндөрүндө саны көп болуп кетпесин деп дем алыш күндөрү да каттоого алуунун жолдорун карап  жатабыз» дейт Касмалиев.

Мындан сырткары, автоунаа ээсинин катталган жери боюнча маалыматтын дарек-маалымат бюросунда болуусу,  автокаражаттарын каттоодо негизги шарт болуп эсептелгендиктен автоунаа ээлери өздөрүнүн катталган жери боюнча маалыматтын дарек маалымат базасында бар экендигин 119 чалуу-борборуна байланышка чыгып же  болбосо portal.tazakoom.kg порталынан текшерип алса болот.
Белгилей кетсек, автоунааларды жеңилдетилген шартта кайрадан каттоо “Акылдуу шаар” инвестициялык долбоорун ишке ашырууга багытталган даярдык болуп эсептелинет.
Количество просмотров: 46