• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

26-январь. Күндүн ыргагы.  Окумуштууну ордунан алган саясат… Кыргызча тарыхый атын кайра алган айылдар

26 Үчтүн айы 2018 18:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 26.01.2018. Govori.TV

Кыргыз коомчулугунда карманган саясий позицияң менен шайлоодо кимдир бирөөңө берген добушуңду мындай кой, күнүмдүк жасаган жумушуңа, илимий ишиңе да саясат аралашып кетип,  кээде жылдызың жанса, кээде болгонунан кол жууйсуң. Бүгүн буга чоң мисал жаралды.

Тагыраак айтканда, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин  Конфуций институтунун директору, илимпоз Үмүт Култаеванын кызматынан четтетилиши анын окумуштуулугуна, өз ишине берилгендигине, тигил же бул саясий күчтөрдүн эмес өз жумушуна жумушундай мамиле кылганына байланыштуу болуп отурат. Албетте, окуу жайдын башчысы бул илимге эмгеги сиңген айымды жөн эле кызматынан кетирип жиберей, келишимди кайра узартып, окумуштуунун билими менен тажрыйбасын окуу жайга пайдаланмак. Бирок, тигил Акүй жактагы саясатчылардын эркинен  улам ушундай абал жаралып калды.

Анткени, ал 2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабановдун үстүнөн козголгон кылмыш ишинен улам жаралган талаш жагдайды караган лингвистикалык комиссиянын мүчөсү, комиссиялык топтун башчысы болуптур.  Комиссия президенттикке талапкердин Оштогу негизинен өзбек улутундагы шайлоочулар жыш жайгашкан Он-Адыр айылындагы жолугушуудагы “тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн артык” деп, бийликтин админресурсуна карата элге чакырык жасаганын талдап чыгып, жыйынтыгын билдирген. Анда дал ушул Үмүт Култаева бул чакырыкта эч кандай улут аралык мамилени курчутуп, Конституциялык түзүмдү күч менен алмаштырууга чакырык жасалбаганын, Бабановдун оозунан чыккан сөздөр андай маанини бербестигин айткан экен.

Ушул окуядан кийин комиссиянын айрым мүчөлөрүн УКМК чакырып, комиссиянын кандай иш алып барганы боюнча сурак алынганы да коомчулукка маалым болгон. Ал эми КУУнун ректору Канат Садыков болсо профессор айымды өзүнө чакырып, анын аталган комиссиядагы чечими мамлекеттин кызыкчылыгына дал келбестигин астейдил эскерткенин бүгүн кызматтан алынган соң Үмүт Култаева өзү айтып чыкты.

Кызык, мандатын таштап, саясаттан кеткен Өмүрбек Бабановду бул кылмыш иши боюнча УКМК суракка чакырып же издөө жарыялай электе, минтип, анын сөзүн талдагандар жапа чеге баштады. Каймактар калкып калып эле, карапайымдар запкы жей береби?

Таза коомду койо турчу, таза суудан сүйлөйлү

Кыргыз бийлиги былтыртадан бери “Таза коом” деген ураандын алдында алдыга кетип бара жатат. Бул долбоор ишке ашканда Кыргызстанды элестетүүгө да мүмкүн эмес. Электрондук өкмөт, онлайн-кызмат көрсөтүү, шаарларыбыз жапжарык, көчөлөр жалтырап, унаалар каркырадай сабын бузбай жүрүп калат. Кудай буюрса…

Бирок, реалдуу чындыкка келгенде ушул таза коомду карай “тарс” “атылып”  бара жатканкан Кыргызстанда таза суунун тартыштыгы чоң койгөй. Ушул 21-кылымда, таза суунун мекени болгон өлкөдө 650 калктуу конуш таза сууга жетпей, мал ичкен, ар кандай санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге туура келбеген суу менен миллиондогон эл күн кечирип келе жатат. Ошондон улам, “таза коомду коюп, таза суу тартыштыгын жоюп албайлыбы?” деп айткың келет…

бул маселе ушу тапта парламент менен өкмөттүн жыйындарында курч көйгөй катары кайрадан козголо баштады. Мисалы, былтыркы жылы таза сууга мамлекет 250 миллион сом бөлгөн экен, быйыл дагы 150 айылдын таза суу маселесин чечүүгө бел байлап жатышыптыр. бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Дайыр Кенекеев айтты.

«Өлкө аймагындагы 650 калктуу конушта таза суу көйгөйү бар. Быйыл 150 айылдын суу маселеси чечилет деп турабыз. Ага негизинен курулушу мурда башталып, бирок каржы тартыштыгына байланыштуу токтоп калган айылдар кирди. Белгилей кетчү нерсе, калкты таза суу менен камсыз кылуу долбоорлоруна тышкы инвестицияларды тартуудан тышкары, республикалык бюджеттен да каражат каралууда. Быйыл биз буга 250 миллион сом карап жатабыз»,-дейт ал.

Ал эми буга кошумча кайрымдуулук уюмдары, донор институттары да айылдарды балыр суудан кутултуунун аракетин жасап жатышат. Бирок, өкмөт бөлгөн миллиондорду коротууда катуу көзөмөл болбосо, акча булактын башынан бери чыкпай эле ың-жыңсыз жоголуп кетип жатпайбы…

Салыкка карызы самандан көптөр

2017-жыл аяктап, 2018-жылдын алгачкы аягы капортолоп калса да Салык кызматына өз учурунда барып төлөмдөрүн төкпөгөн ишканалардын тизмеси бүгүн жарыя болду. Азырынча,  өнбөгөн салыктын суммасы жарым миллиард сомго чапчып барат экен же 472 млн. сом.

Айталы, баарынан көп карызы бар бул-Бишкек машине куруу заводу-71 млн. сом. Бишкек штамптоочу заводу-64 млн. сом, «Озгюн Иншаат Таах ют ве Тижарет» деген кишкана 43,6 млн. сом, ал эми «Ак-Кеме» мейманканасы 26.8 млн. сом  салыкка карыз болуптур. Ошондой эле Кара-Балта тоокен комбинаты-20 млн салык төлөбөй жатыптыр.

Айылдар тарыхый атынан аталды

Совет доорун элестетчү эч нерсе деле калбай баратат. Бирок, Кыргызстанда айыл-кыштак аттары совет доорунда кандай аталса, ошол бойдон эле орусча калып калган. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Расул Гамзатовду Кыргызстанга алып келип, айыл-кыштактарды жолдо катар тааныштырып келе жатса, Гамзатов “Чыңгыз Төрөкулович, биз Россиянын кайсы жеринде кетип бара жатабыз”,-деген экен деп аңыз кеп айтылып жүрөт. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн үч айылдын атын тарыхый аталышына кайтарып келүү боюнча мыйзамга кол койду. Эми алдыда жүздөгөн айыл-кыштак, көчө, шаарчалар бар.

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Нововознесеновка айыл аймагы Боз-Учук, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ленин айыл аймагындагы Гавриловка айылы Орто-Сай, Фрунзе айылы Жыгач-Коргон деп өзгөртүлдү.

Тиешелүү мыйзамга бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Документти Жогорку Кеңеш былтыр 21-декабрда кабыл алган. Ал бул айылдардын аталыштарын өзгөртүп, мыйзамдаштырууга жана аларга тарыхый аттарын кайтарып берүүгө багытталганы айтылган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Количество просмотров: 14