• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

29-декабрь. Күндүн ыргагы… Саляновду өлтүргөн анын эски таанышы болуп чыкты

29 Бештин айы 2017 19:04 Бишкек Govori.TV

 

Аида Салянованын инисинин өлүмүнө шектүү адам кармалганы тууралуу маалымат кечээ тараган. Бирок Ички иштер министрлиги тергөөнүн купуялуулугуна шылтоолоп, толук кандуу эч нерсе билдирбей жатышкан. Анан коомчулукта ар түркүн күдүк ойлор пайда боло баштады. Кылмышкер чын эле ушулбу? Болсо эмнеге жашынбай, болгондо дагы Саляновду атып өлүргөн тапанчасын жанына салып жүрөт?- деген суроолор пайда болду.

Такталган маалымат болбосо анын ордун божомол-төтөмөлдөр толуктай тургандыгын түшүнгөн Ички иштер министрлиги, бүгүн шектүүлөр тууралуу бир аз үн катты.

5-ноябрда Улан Саляновдун үйүнө кирип барып, атып өлтүргөн мурда 4 жолу соттолгон адам экен. Ал учурда негизги шектүу катары өтүп жатыптыр. Дагы үчөө эл аралык издөөгө алынган экен. Анан эң кызыгы ушул кармалган адам менен Улан Салянов мурда тааныштардан болчу экен.

Азыр иликтөө иштери жүрүп жатат. Кызыктын баардыгы эми блиниши мүмкүн.

 

Бешинчи канал белгисиз тагдырга туш болду

Кечээ 5-каналдын жамааты акыркы эфирин чыгарып, телекөрүүчүлөр менен коштошту. Алар өтө кесипкөй болушканын, сонун телекөрсөтүүлөрдү даярдаганын, жетекчиси дагы мыкты болгондугу, КТРКга жетип, айрым учурда ашып кетишкендиктери тууралуу айтылды.

Албетте ар бир адам озүн мактаганга татыктуу. Бирок алда немедей каналды 77 млн сом карызга батырып кетип жаткан жамаатты жана анын жетекчилигин кантип кесипкөй деп атаганга болот.

Чыныда 5-канал бийиктиктерди багындырган учур болгон. Ал кезде телеканалдын жетекчиси Оксана Малеванная болчу. Мурдагы КООРТ деген каналды кайра жаратып, жаңыча формат менен чыгарганда коомчулук тарабынан аябай жакшы кабыл алынган.

Анан Оксана Малеванная Курманбек Бакиевдин катчылыгына кетти. Ордуна Евгения Бердникова калган. 2010-жылы Убактылуу өкмөт  «Двадцать пятый кадр» ААКнын улутташтырган. Ошондо 5-канал парламенттик болсун дегенде так ушул Бердникова жетектеген жамаат караманча-каршы чыгып туруп алышкан. Ошондо макул болгондо, каржы булагы ачылып, азыр телеканал татынакай болуп иштеп жатмак.

Эми 5-канал 77 млн сом карызга баткандан кийин жетекчилик жамааты менен телеканалды таштап кетип жатканын жар салышууда.

Бешинчи каналдын мындан аркы тагдыры кандай болот белгисиз. Бүгүн Мамлекеттик мүлк фонду Эркн Абразаоковду телеканалга башкы директор кылып дайындады. Жаңы директор техникаларын, жабдыктарын жана телеканалга тийиштүү мүлктөрдү каттап жатыптыр. Азырынча кино жана архивдеги материалдар менен эфир толтурулуп тураары айтылды.

Жакында экс-президент Алмазбек Атамбаев жаңы телеканал ачат деген маалымат тарап жатат. 5-каналдын жетекчилиги жана КТРКдан демонстративдүү турдө кетип жаткан айырм кесиптештерди ошол жерден көрүп калсак же 5-канал эртең эле башка ат менен чыгып калса таң калмай жок.

 

Маммүлккө жаңы кожоюн

Мамлекеттик мүлк фонду жетекчиге жарыбай койду. Мурдагылары Мегакомду сата албай кетишсе, кийин келген Дүйшөнбек Зилалиев милиция кыздын формасы-бомба экен деп ийип кылмыш иши козголуп, кызматынан кетти.

Бүгүн өкмөт башчысы Сапар Исаковдун буйругу менен мамлекеттик мүлк фондуна Ренат Түлөбердиев деген жаңы жетекчи келди.

Мурда кадрлар чыкчу устакана Президенттин аппараты болсо, эми президент менен өкмөттүн  иш башкармалыгы боло баштады. Себеби Ренат Түлөбердиев так ушул иш башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Эми бул төрага канча иштейт да белгисиз. Эртең Мегакомду сата албай калса же башка бийликтин тапшырмасын аткара албаса эле кызматынан кетип калаарын мурдатан билип бүтпөдүкпү

 

Канат Исаевдин соту 30-декабрга жылды

Бүгүнкү сот процессинде Канат Исаевдин жакточулары жарыш сөзгө даяр эмес экендиктерин билдиришти. Алар эле эмес Канат Исаев өзү дагы даярданганга мүмкүнчүлүк албаптыр. Материалдардын баардыгы жабык. Ал эми Тергөө абагына  ноутбук киргизүүгө уруксат жок экен.

Сот Абдуразак Боромбаев даярданууга бир күн берди эле, жактоочулар майрамдын алдында даярдана албай тургандыктарын айтты.

“30-декабрь мамлекеттик органдар үчүн иш күн. Ал эми жеке жактарга иштесеңер иштегиле, иштебесеңер эс алгыла деди. Адвокатура мамлекеттик органга кирбейт. Мен ишемби күнү, анан дагы Жаңы-Жылдын алдында иштегенге макул эмесмин. Өкмөт мага эс алганга мүмкүнчүлүк берип жатат, мен аны колдоном деди,-жактоочу Сергей Слесарев. 

Бирок сот Абдуразак Боромбаев эч нерсеге карабай эле сотту 30-декабрь күнкүгө саат 9-30 га коюп салды.

 

Таджикстандын мурдагы биринчи ледиси өрттөнүп өлдү

Эгемендүү Тажикстандын биринчи президентти Рахмон Набиевдин жубайы Майрам Набиева 79 жаш курагында кырсыктан көз жумду. Ал Ходженттеги үйүндө жалгыз калганда өрт чыгып, иске ууланып өлгөнү белгилүү болду.

Рахмон Набиев 1930-жылы туулган. 1973-1982-жылдары Таджик ССР Министрлер кеңешинин төрагасы, 1982-1985-жылдары Таджик ССРнин биринчи катчысы, 1919-1992-жылдары эгемендүү Таджикстандын туңгуч президентти болгон. Өлкөдө жарандык согуш башталганда Рахмон Набиев көпчүлүктүн кысымы менен кызматтан кетүү боюнча кагазга кол койгон. Андан бир аз убакыт өтпөй эле инфаркттан улам көз жумган.

 

Сүрөттөр kg.akipress.org агенттигинин сайтынан алынды

Количество просмотров: 18