• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

29-январь. Күндүн ыргагы. Борбордо жылуулук менен жоопкерчилик жоголду… Президенттин сөздөрү элди жылытпады…

29 Үчтүн айы 2018 20:00 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2018  Govori. TV

 

Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында үч суткадан бери жылуулук бүлгүнгө учурады. Катуу суукта кабат үйлөрдөгү үшүгөн элдердин кыжыры кайнап турат. Социалдык тармактарда азыркы бийликти ашата сөгүп,  ТЭЦтин жана жалпы эле энергетика тармагынын башчыларын, Бишкек Бишкек шаарын башчысы, ал тургай Өкмөт башчысынын да отставкасын талап кылып жиберишүүдө. Албетте, баардык иште иштин жоопкерчилигин керт башына алчулар болот, бирок, кыштын катуу суугунда элди жылуулуктан өксүткөнү үчүн Өкмөт башчы да моралдык жоопкерчиликти өзүнө алышы керек.  Буга “мен жооп бербейм” деп колун шилтесе анда өзүнүн шору.

Артык кылабыз деген Артыкбаев тыртык кылганбы?  

Балакеттин баары Бишкек ТЭЦин модернизация кылабыз дегенден башталды. 2011-жылы ал кездеги энергетика министри Осмонбек Артыкбаев Бишкек ТЭЦнин эскилиги жеткенин, муну жаңыртуу менен Бишкекте жылуулук жана электр энергиясынын оор маселелери чечилээрин айтып, анын ошол кезде жаңы тактыга отурган Алмазбек Атамбаев да кубаттап чыккан. Модернизациялоо боюнча сөз жүрүп, дароо эле Кытайдын “ТВЕА”  компаниясы бул ишти аягына чыгара турган кубаттуу компания катары аты аталган. Жыйынтыгында, өкмөт модернизация боюнча тендер өткөрбөй эле аталган компания менен түз келишим түзүп, долбоорго сарптала турган каражаттын жалпы чыгымы 386 млн. долларга бааланган. Каражатты болсо Кытайдын Эксимбанкы жеңилдетилген түрдөгү насыя катары бере турган болгон.

“Чындыгын айтканда биз кубаттуулугу 300 МВт. болгон эки от казандуу жаңы ТЭЦ курганы жатабыз. Бул Датка-Кемин электр алып өтүүчү долбоор ишке ашкандан кийин болгону жатат. Антсе дагы биз электр энергиясынын кубаттуулугун арттырышыбыз керек, себеби, керектөөлөр күн санап өсүүдө. ТЭЦ жылууулук менен ысык суудан тушкары азыркыдан эки эсе көп электр энергиясын иштеп чыгып, чоң мүмкүнчүлүктөргө жол ачат. Борбордогу тартыштык жоюлат”,-деп ишендирген ал кездеги министр Осмонбек Артыкбаев.

Көп акча бар жерде иш жокпу?

Ошону менен министр баш болгон, депутаттар төш болгон жоон топ делегация Гонгонг шаарына ТВЕАнын каражаты менен учуп барып,   ал жактагы ТВЕАнын иштерине “ооздору ачылып”, мындай кубаттуу компания Бишкектин ТЭЦин кыска аралыкта эле аанылгыс кылып өзгөртө алаарына көздөрү жеткендей кубанып келишкен.

Бирок, келишимди ратификациялоо маалында Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин башчысы Кожобек Рыспаев баштаган бир топ депутаттар ТВЕАга каршы чыгышып, долбоорго кетчү каражаттын өтө эле көп экендигин билдирип, ал тургай долбоордун Техникалык-Экономикалык Негиздемеси жо экендигин ачыкташкан болчу. Бирок, ошол кездеги “Ар-Намыс” фракцимясынын депутаты, комитет бшчы Кожобек Рыспаев мойнуна алгандай, “Өкмөттүн басымы менен мыйзам бузууларга карабай” келишим ратификациядан өтүп кеткен.

Эми болсо “Электр станциялары”, “Кыргызстандык Улуттук Электр Түйүндөрү”  ишканаларынын жетекчилери болсо 386 млн. доллар короткон ТВЕА ТЭЦтин болгону 30 пайызы кана модернизация болгонун, ишкананын 70 пайызы ремонтко муктаж экенин айтып отурушат. Демек, ТЭЦтин 30 пайызы 386 млн. долларга араң жаңыланса, анда деги Бишкекти заманбап техникалык коштоолор менен жылытууга 1,5 млрд. доллар керекпи?  Дал ушул суроого келгенде, коомчулуктун үрөйү учуп, бул жерде кытайлык инвесторлор, куруучулар жана энергетика тармагыдагы жетекчилердин ортосунда ири коррупциялык сүйлөшүүлөр болушу мүмкүндүгүн боолголоп жатышат.  Бул шекшинүүлөргө бир канч себеп бар. Мисалы, ушул эле ТВЕА 180 млн. долларга Ереван шаарынын ТЭЦин толук модернизацияласа, Тажикстанга да ушундай эле суммага жаңы ТЭЦ куруп берген. Ал эми коңшу Алматы шаарынын ТЭЦ 70 млн. долларга реконструкцияланганын баурдастар жазып жатышат. Демек,  386 млн. доллар менен Бишкек ТЭЦинин болгону 30 пайызынын жаңыланышы өтө күмөндүү сумма. Андыктан, УКМК менен каржы полициясы ТЭЦтеги аварияга күнөөкөрлөрдү ошол долбоордон баштап издесе болот.

Президент сабыр тилесе, Премьер төшөк сунуштап….

Бишкектиктер жон териси менен кылчылдап көтөрүп жаткан жылуулуктун жоктугу боюнча бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков да үн катты. Ал премьер-министрди кабыл алып,  жагдайга кириптер кылгандарды таап, жоопкерчиликке тартуу керектигин, тез аранын ичинде жылуулукту калыбына келтирүүнү жана жарандарга баардык шарттарды түзүүнү тапшырды. Ал элди сабырдуулукка чакырып, үч күндөн бери суукка чыдыгын калктын сабырына тан берип жатканын айтты. Бирок, мындай эч ким жылуулукту сезген жок…

Ошол эле маалда Премьер-министр да күнөөкөрлөрдү таап, карапайым адамдарды эмес жетекчилерди жазага тарта турганын айтып, элден кечирим сурады. Бир четин элдин кыжырына анын үшүп жаткан калкка жуурка-төшөктү калыңдап жамынып чудоо керек деп айтып жибергени түрткү болгон. Ошондуктан, ал дароо элпектигин карматып, элден кечирим сурады. Бирок, бул эми жоопкерчилик тартуу катары сыпатталбайт. Жетекчи деген катаал болушу керек, ал абал оорлошуп жаткандан кийин дароо кырдаал турукташып, иликтөөлөр аягына чыкканга чейин Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиевди баш кылып, ТЭЦтин жооптуу жетекчилигин кызматтан бошотуп, жаңы кадрларга милдетти жүктөп, ТЭЦти модернизация кылган, али бүгүн да ишканада пультта  отурган кытайлык компанияны өзүнө чакырып, бетме-бет окуянын чоо жайын териштирсе болмок. Антпеген соң, кара күчкө опурулганы кимге таасир этмек…

Болоору болду, элге ачык чындыкты айтуу керек…

Ооба, болоору болду. Техникалык кырсык орун алды. Ошентсе да, электр жана жылуулук тармагынын жетекчилери сууккта кыйналып, алды ооруканага жата баштаган элди “баары жайында болот,  запасыбыз бар, жылыйбыз” деп соорото бербей ачыгын айтышы керек. Кудайга шүгүр, кыргыз кыйналган учурда ансыз да башты жакшы бириктирет. Көп кабаттуу үйлөрдөгү ТЭЦтен жылуулук келчү жарандар бир жумабы, он күнбү жер үйдө көмүр-отун менен жылый турган үйлөргө, тууган-туушкандарыныкына баш калкалап турганы оң болоор…

Количество просмотров: 13