• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

5-январь. Күндүн ыргагы…. Дагы бир журналист сыртка чыга албайт, Дача СУга салынган эстелик, Көчмөндөрдүн жаңы ролиги

5 Үчтүн айы 2018 18:02 Бишкек Govori.TV

 

Бакиевди мүлктөрү каяка кеткенин сурасаң эле балээге калчудайсың. Мындан бир-эки ай мурда Эльнура Алканова деген журналист, Максим Бакиевге тийиштүү «Идеал Хаус» деген элиталык кыштакча кимдин колуна өткөн деген журналисттик иликтөө жасаган.

Иликтөөдө азыркы өкмөт башчы Сапар Исаковдун дагы аты аталган. Бирок ал бул маселеге юридикалык баа берүүнү суранып, Башкы прокуратурага кайрылды эле, көзөмөлдөөчү орган Сапар Исаков сүттөн ак деген бүтүм чыгарып беришти.

Өкмөт тараптан эми Эльнура Алканова кечирим сурасын деген талап болду. Бирок журналист айым кечирим суроодон баш тарткан.

Кечээ социалдык тармактарга Эльнура Алканованы  “Финпол” сурака чакырып жатат деген маалымат тараган. Бүгүн журналистке өлкө аймагынан сыртка чыгууга тыюу салыныптыр. Эмнеге шектүү болбогон адамга мындай чек коюлуп жатат?-деген суроо жоопсуз.

Ошондо бүгүнкү күндө журналист Нарын Айып, Дина Маслова, укук коргоочу Чолпон Жакупова, юрист Канатбек Азизке чет өлкөгө чыгууга болбойт. Эми алардын катарын Эльнура Алканова толуктады.

Сотко берүү өнөкөтү

Мурдагы мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев «Сентябрь» телеканалын сотко бергени маалым болгон. Телеканалдын жабылганына беш ай болду, эми ким жооп берет деген суроо жаралды. Тайырбек Сарпашев болсо:

“Мен телеканалды сотко бердим. Капарову жооп береби же журналист жооп береби аны билбейм. Мен май айында эле сотко бергем”,-дейт 

Ошондой эле Тайырбек Сарпашев телеканал жабылып калса дагы, сотко жазган арызынан кайтпайт экен.

 

Авиакырсыктан бери бир жыл өттү

БОИНГ 747 учагы кулап түшүп, 35 кыргыз жаранынын жанын алып кеткен күндөн бери билинбей эле бир жыл өтүп кетиптир. 16-январь күнү Кыргызстандыктар бул асмандан түшкөн апаатты жана шейит кеткен мекендештерди эскеришет. Кырсык болгон Дача Су айылына маркумдарга арналган эстелик курулган. 16-январь күнү эстеликтин ачылышы болоору күтулүүдө.

Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаев кырсык болгон жерге барбай койгон, эми Сооронбай Жээнбеков барабы же жокпу айтыла элек. Ошондой эле учактын ичиндеги 80 тонна жүктүн ээси ким экендиги азыркыга чейин ачык айтыла элек.

Канаты кайрылган Канатбек Исаев

Бийликтин укуругу узун деген соз бекеринен айтылбаса керек. Эгер бийликтегилердин айтканынан чыкпай, алар менен табакташ болуп жүрсөң жакшынакай эле адамсың. Эгер бийлике каршы сүйлөсөң, бир заматта эле кылмышкер болуп чыга келесиң. Бат эле кылмыш иши табылып, тергелип, сот өкүм чыгарып салат. Мындай көрүнүшкө азыр таң калгандар деле жок.

Канатбек Исаев дагы бийликтегилер менен башында жакшы мамиледе болчу. Ошондо таянган тоосу  бийик, ыргыткан ташы алыс түшчү. Алыскы Бакиевдин заманына кетпей эле 2010-жылдагы революциядан кийинки карьерасына сарэсеп салсак, Бабановдун “Республика” партиясы менен парламентке келди. Фракция лидери, көпчүлүк коалициянын жетекчиси болду. Анан эле Бабанов менен кошо мандатын дагы  таштап, бийлик тарапка өтүп, Чүй облусуна губернатор болду.

2015-жылы  3 айдын ичинде “Кыргызстан” партиясын түзүп, парламенттик шайлоодо өтүп кетти. Эгер бийлик тараптан колдоо болбосо, мынчалык ийгилике жетишпесин баары түшүнүп эле турду.

Парламентке келгенден кийин Канатбек Исаев бир топ депутаттын мандатын зордуктап эле алып койду. Шайлоодон акчасын чачып, аягында баарынан куру-жалак калган аялдар, көк ташка көчүгүн коюп алып,  Канатбек Исаевди каргап отурганын ошондо көргөнбүз.

“Кыргызстан” фракциясы КСДПнын кичүү инисиндей болуп башынан коалициядан чыкпай келет. Фракция лидери Канатбек Исаев, Жогорку Кеңешке спикер болом деп чыгып, 50 депутаттын добушун алды. Атаандашы Бакыт Төрөбаев дагы 50 добуш алган. Ошондо бийлик жаш балдарды ойнотуп туруп, Чыныбайды төрага кылып койгон деген сөздөр бар.

Канатбек Исаев андан кийин деле бийлике жакшы кызмат кылып, атүгүл Конституциялык реформанын демилгечилеринин бири болуп чыккан. Анан эле бир күнү баарынан баш тартып, референдумга каршы чыгып баштады.

Ошо күндөн тарта Канатбек Исаевдин башына кар булут айланып, дароо Бакиевдин учурунда Токмокто мэр болуп тургандагы иштери иликтенип, базарга тийиштүү жерди жана китепканага тийиштүү имаратты сатып жиберген деп, кылмыш иши козголду.

Канатбек Исаев камака алынган жок. Тергөө, сот артынан сот болуп жаткан учурда Президенттик шайлоо дагы болуп калды. Канатбек Исаев шайлоодо мурдагы өнөктөшү Өмүрбек Бабановду колдоп чыкты. Жолугушууларда эле соз сүйлөбөстөн, активдүү агитатор болуп, атүгүл акча таратып жаткандыгын УКМК тараткан видеодон көрдүк.

Ошондо бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып тагылып, дароо камака алынган. Эки айдан бери УКМКнын подвалында отурат. Кечээ мурдагы иш боюнча соттун өкүмү чыкты. 12 жыл мурдагы иши эми төңкөрүш боюнча дагы канча жыл кошулат белгисиз. Ошентип кечээки эле бийлик менен колтукташып жүргөндөр бүгүн эле мынтип темир тор артында калды. Саясат же бар кылат же жок кылат деген эле ушул турбайбы.

Прения на суде Канатбека Исаева

Опубликовано Azattyk Media Четверг, 4 января 2018 г.

 

Көчмөндөр оюунунун жаңы ролиги.

3-Көчмөндөр оюнун уюштуруу жана өткөрүү боюнча катчылык жайында болчу этно спорттук мелдешттин промо-ролигин жарыялады. Жаңы роликте Кыргызстанды сулуу жаратылышы, улуттук баалулуктар жана көчмөн элдердин маданияты камтылган.

Ошентип 5-январь дагы өттү. Өлбөгөн жанга жазда келээр.

Количество просмотров: 29