• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

8-декабрь. Күндүн ыргагы… Өлөт деген Батукаев, өлтүрөм деп жүрөт дейт.

8 Үчтүн айы 2018 18:05 Бишкек Govori.TV

Жаңы-Жылдын алдында Орусиянын атайын кызматы кылмыштуу топтордун кагылышуусун алдына алды. “Мыйзамдагы уурулар”  Надира Салифова (Гули) менен Азиз Батукаев (Азиз)  Москвадага базарларды талашып кетишкен экен. Декабрдын башында Гулинин көзөмөлүндөгү базарларга Азиздин балдары кирип келип, кирешенин булагын Азизди көздөй бурууга аракет кыла башташкан. Ачууланган Гули, Азизди  күтүп отурбай эле өзү телефон чалыптыр. Экөө телефондон орой создөр менен айтыша кетишет. Азиз базарлар эми өзүнө өткөндүгүн билдиргенде, Гули ачууланып, бул нерсенин аягы өтө аянычтуу болоорун эскерткен. Гули Азизге каршы туруу үчүн 700 куралчан адамды көтөргөн. Бирок алгач тар чөйрөдө сүйлөшүп алууну чечишет. Жолугушуу тууралу маалыматка ээ болгон атайын кызматтар, экөөнү тең кармашты. Эми Азиз Батуаев “мыйзамдагы ууру” экенин даана далилдечү учур келди. Мындай  кызыктын баарын “Прайм Крайм” деген сайт жазып чыкты.

Азиз Батукаев баягы Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаевди, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Полотовду аттырып өлтүрткөн кылмышкер. Нарын шаарындагы тергөө абагында отурган. Анан 2013-жылы эле ден-соолугуна байланыштуу, Нарын шаардык сотунун өкүмү менен эркиндике чыгып, өзүнүн тарыхый мекенине учуп кеткени айытлып калды. Кийинчерээк  аны жогорку кызматты ээлеген чиновниктер аэропортко чейин узатып барып, чартердик каттамга отургузгандыгы тууралуу видео интернетке чыкты.

Узатып баргандардын арасында  азыр парламентте бакылдап отурган депутат Зарылбек Рысалиев дагы болгон. Ал учурда Рысалиев Жаза аткаруу кызматынын башчысы болуп иштечү. Ошондой эле бул ишке мурдагы Акыйкатчы Трусунбек Акундун дагы тиешеси болгон. Себеби ал Азиз Батукаев канынан рак экен. Бир жылга жетпей көз жумат деген маалыматты тараткан. Кийинчерээк экс-акыйкатчы Батукаевди ким коё бергендигин айтам, жакында “бомба” жарам деп жүрүп ошол бойдон тынчыды. Азиз Батукаев өзүнүн эркиндиги үчүн 1 млн доллар бериптир деген сөздөр дагы айтылып, атүгүл ал берген акча жасалма экен деген айың кептер тараган.

Кийинчерээк  сот ишти  кайра баштан карап, Азиз Батукаевди күнөөлүү деп, издөө жарыялаган. Ал учурда Батукаев Орусиянын жарандыгын алып алгандыктан, кайра кайтарууга мүмкүн болбой калган. Ошентип өлөт деген Батукаев өлбөй эле, Москвада базар талашып жүрөт дейт,-Прайм Крайм порталы

 

Кафени кылмыштуу топ өрттөдү дейт

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Осьминог” деген кафе дүрт этип   күйүп, эч нерсеси калбай өрттөндү. Эксперттер газ балон жарылды деген бүтүм чыгарып коюшту. Бирок кафени ижарага алган адам мындай бүтүм менен макул эмес.

“Жай айларында мага Камчы Көлбаевдин балдары келип, бир сезонго 500 доллар салык төлөйсүн деген. Мен акча берүүдөн баш таркам. Ошондо алар кафени өрттөп кетээрин айтышкан. Мен дароо УКМКга арыз жазып, Айдар жана Үрүстөм деген бала камака алынган. Эки айдан кийин сот аларды шарттуу түрдө бошотту. Ошолор келип эле кафени өрттөп кетти. Газ балон жарылды деп жатышат. Балон кафе күйүп бүткөнү калганда жарылды. Күйүүчү зат кафенин арткы короо жагынан ыргытылган. Эми кафенин кожоюну менден 200 000 доллар доолап жатат дейт,- Аскат Асанкадыров.

Кылмыштуу топ кафеге эле 500 доллар салык салса, эс алуучу жайлардан эки эсе көп акча сурашаары анык. Кылмыштуулук менен күрөшүп жатабыз дейт, жыйынтыгы мына ушул.

 

Мылтыкты кайда катыш керек эле?

Лев Толстойдун «Дубалда илинип турган мылтык, бир күнү болбосо, бир күнү атылат»- деген сөзү бар. Бирок кандай кырдаалда, кимге карай жана кесепети кандай болот? Бул өзгөчө маселе.

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов өзүнө тийиштүү мылтыгын уурдатып жибериптир.

“Мылтык Ноокаттагы үйүмдө сандыкта турчу. Кышында апамды борборго алып келип, үй ээн калган. Белгисиз адамдар кирип, уурдап кетишиптир,-дейт эл өкүлү.

Мылтыгынын документтери бар экен. Бирок аны сактоо эрежеси бузулгандыгын  Ош облустук ИИБ маалымдады. Ок атуучу курал болгондон кийин, аны сактай турчу темир күркө дагы болуш керек экен.  Сандыка же чемоданга салганга болбойт экен. Ошондуктан депутат админстративдик жоопкерчилике тартылат.  Эми Жамалдиновдун мылтыгы кимдин колуна тийип, кимге каршы атылаар экен?  Кудай сактаса эле болду!

 

 

400 кыргыз жумушсуз калды

Ала-Бука районундагы Иштамберди алтын кенин иштетип жаткан кытайдын «Фулл Голд Майнинг» компаниясы 400 адамды жумуштан бошотуп жатканы маалым болду. Бул тууралуу кыргызстандын Тоо-металлургия профсоюзунун башчысы Эльдар Тажибаев билдирип, маселеге өкмөттүн кийлигишүүсүн суранган.

 «Фулл Голд Майнинг» компаниясынын вице-президентти  Чи Шуань Тань эмгек келишимдери 2017-жылдын 31-декабрында бүткөнүн, жаңы келишим түзүүдө айрым өзгөрүүлөргө кызматкерлер макул болбой жатканын. Компания бул кенге 200 млн доллар салып, пайда көрө электигин. Ошондуктан айлык акыларды кыскартып жаткандыгын бюилдирди.  

Кытай компаниясы алтын кенди 20 жылга алган. Демек кыргыз жумушчулары менен мөөнөтсуз келишим түзүш керек болчу. Баардык милдеттерди тактап туруп анан алтын кенин бериш керек эле. Кармата бергендин кесепети эмитеден эле билине баштады дейт,-профсоюз уюму.

 

Өф көк түтүн, көк түтүн!

Бишкектин үстүн чумкап турган кара туман акыркы күндөрү коомчулук тарабынан көп айтылды. Айрымдар автоунаанын көптүгүнөн улам шаардын абасы булганып жатканын айтса, кээ бирөөлөр Бишкек ТЭЦинен чыккан түтүн эле ушунча болуп жатат дешет.

«Улуттук Энергохолдинг» ААКсы  ТЭЦ абаны булгап жатат деген пикир менен макул эмес. Модернизациядан кийин, ТЭЦ жаңы технология менен иштеп, булганыч түтүндү мурдагыдай чыгарбай калган экен. Ошондой эле жагылган көмүрдун дагы сапатын текшерип турабыз дейт -Энергохолдинг ААКсы.

Шаардын абасынын булгануусунун эң негизги себеби, кыштын күнү жер үйдөгүлөрдүн массалык түрдө от жагуусу болушу мүмкүн. Шаардын чеке белиндеги жаңы конуштардын саны өсүүдө. Бирок алардын абага тийгизген таасири текшерилген эмес.

Энергохолдинг абанын булганышынын коэффициентин ар дайым мониторинг кылып турат экен. Акыркы күндөрү абанын аябай булганып кеткени сезилди. Айрыкча кечки саат 19-00 дүн тегерегинде.

Бул маселе Жогорку Кеңеш тарабынан бир нече жолу көтөрүлду. Жадагалса экс-спикер Чыныбай Турсунбеков абанын булгануусна арнап ыр дагы жазып, пленардык жыйында депутаттарга  окуп берген.

Ошентип 8-декабрь дагы өттү. Күндүн козү көрүндү. Ачылат окшойт.

Количество просмотров: 28