• Шейшемби 16 Теке 2024
  • Вторник 16 Июль 2024

Абактагы журналисттердин «Ак ийилет, бирок сынбайт» деп жазылган футболкалары алынды

8 Теке 2024 13:22 Бишкек Govori.TV

Абакта жаткан журналисттердин бөлмөлөрүндө тинтүү жүрүп «Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкалары алынган. Бул туурасында Temirov Live каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темиров фейсбук баракчасына жазды.

«Ак ийилет, бирок сынбайт» деген жазуусу бар футболкаларды абактагы журналисттер 5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда өтүп жаткан соттук отурумга кийип келишкен болчу.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Жети киши түрдүү себептер менен үй камагына чыгарылган. Ушу тапта бул иш боюнча шек саналып кармалгандардын ичинен төртөө: Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева тергөө абагында.

Ал эми ЖАМК бул факт боюнча кызматтык териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады.

Количество просмотров: 469