• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Адил Турдугулов: «Соттор түзмө-түз бийликтин саясий оппоненттерге болгон репрессиянын эң башкы органы болуп калды»

5 Бирдин айы 2018 12:32 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 05. 02. 2018. Govori.TV

Бүгүн, 5-февралда камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициялык саясатчылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун жакындары №47-колониянын алдында митинг өткөрүп жатат.

Аталган митингди уюштуруучулардын бири Адил Турдугуловдун айтымында, соттор түзмө-түз бийликтин саясий оппоненттерге болгон репрессиянын эң башкы органы болуп калды.

«Президент  Сооронбай Жээнбеков президенттик такка келгенден бери  дагы  бул көрүнүш өзгөрбөй жатканыдыгы өкүнүчтүү. Андыктан бул абалды өзгөртүү максатында президент Жээнбековго кайрылуу жасадык»-дейт Турдугулов.

Анткени анын азыркы учурда президенттик такка отурган жыйынтыгы ошол саясий куугунтукка , сөз эркиндигине жана митингдерге тыюу салынуусу боюнча дагы баа берилет деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга  которулган.

 

Количество просмотров: 16