Бишкек.03.03.2018. Govori.TV
Боршайком бүгүн шашылыш жыйын өткөрүп, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыратышты.
БШК мүчөлөрү мындай чечимге Ленин райондук жана Бишкек шаардык сотторунун өкүмдөрү негиз болгонун айтышты.
Бирок соттун өкүмү 12 жылдан кийин күчүнө кирмек. Демек БШКнын чечими соттун өкүмүнө каршы келип калат. Ошондуктан Гулнара Журабаева менен Атыр Абдрахматова бул талаштуу маселе, Жогорку Кеңеште каралуусу керектигин айтышты.
Бирок жыйынтыгында БШК 10 мүчөсу Салянованын мандатынан ажыратууга макул болушуп, 2 мүчө каршы добуш берди.