• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Айыптоочу Темировду өлкөдөн чыгарууну суранды

23 Жетинин айы 2022 14:21 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттук отурум уланды. Соттук коллегия күбөнү суракка алгандан кийин тараптардын жарыш сөзүнө өттү.

Сотто айыптоочу иликтөөчү журналистти «өлкөдөн чыгарууну» суранды.

Темиров соттогу акыркы сөзүндө күнөөсү жок экенин дагы бир жолу айтып, ага карата иш козгогон жана айып таккан күч органдарын акыйкат иштөөгө чакырды.

Ал эми адвокат Замир Жоошев сөз сүйлөп, тергөө тарабынан коюлган айыптар негизсиз экенин айтууда.

«Иште көрсөтүлгөн документтерде эч кандай коргоо белгиси жок, алар болушу керек, ансыз бир дагы мамлекеттик орган анын арызын кабыл алмак эмес. Ал жок документти колдоно алган эмес, аскердик билет жасалма эмес. Сыягы, бул мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан жасалган окшойт», — деди Жоошев.

Эске салсак, 27-октябрда Башкы прокуратура Болот Темирого карата райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна апеляциялык арыз менен кайрылган.

Ага чейин Бишкектин Свердлов райондук соту тарабынан ага карата ачылган иштерде кылмыштын курамынын жоктугуна байланыштуу Темиров акталган. Ал эми «документ жасалмалоо» деген беренеси боюнча айыптуу деп табылып, бирок иштин мөөнөтү эскирип кеткенине байланыштуу жаза чара чегерилген эмес.

Количество просмотров: 185