• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

АКСке аттанчулардын дагы бири Жеңиш Раззаков

21 Бирдин айы 2018 9:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
Жуманын башында УКМКнын алдындагы Коррупцияга Каршы күрөшүү Кызматынын башчысы Дүйшөнбек Чоткараев кызматынан алынган. Азыр бул орунга ким келээри белгисиз. Акүйдөгү булактарга таянуу менен кечээ Govori.TV бул кызматка Президенттин кеңешчиси Асылбек Кожобековдун келээри күтүлүп жатканын жазган.
Ошону менен бирге эле талапкер катары дагы эки адамдын аты аталууда. Алардын бири мурдагы коопсуздук жана чек ара маселелери боюнча вице-премьер министр Жеңиш Раззаков. Балким, багы жанса АКСти жетектеп калышы ыктымал.
Разаков Жениш Парпиевич 1967-жылы 19-марта Оштун Кызыл-Кыя шаарында туулган;
Билими жогорку. 1990-жылы маршал Д. Устинов атындагы Ленинград аскердик-механикалык институттун прикладдык механика жана автоматика институтун аяктаган;
1997-жылы КР ИИМнин Республикалык окуу борборун окуп бүткөн;
2002-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университеттин юридикалык факультетин сырттан окуп, аяктаган;
2013-жылы КРнын ИИМ Академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
1990-жылы Кызыл-Кыядагы “Алай” машине куруу заводунда кызматкер, цеңтин башчысынын орун басары;
1996-жылдан тартып ички иштер органдарында кызматкер;
2000 –жылы Баткен райондук ИИБсинде опер кызматкер. кийин Баткен облустук  ИИБсинин начальнигинин орун басары;
2011-12-жылдары Баткен облустук ИИБсинин начальниги;
2012-жылдын февралынан тартып Баткен облусунун губернатору;
2016-17-жылдары КРнын вице-премьер-министри
Акыркы кызматы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси.
“Даңк” орденинин ээси.
Количество просмотров: 22