• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Актөбө: Автобус ичинде жылынабыз деп плитканы колдонгон үчүн адамдар өрттөнүп кетишкен

19 Үчтүн айы 2018 19:33 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.01.2018. Govori.TV

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдөгү автобус «ичинде бензинди колдонуу менен от жагылгандан улам өрттөнүшү мүмкүн» деген баштапкы тыянагын жарыялады. Автобустагылар тамак бышырган плитканы жылыныш үчүн колдонушу мүмкүн экени айтылат. Иликтөө уланууда.

Андан мурдараак, жума күнгө оогон түнү казак ички иштер министринин орун басары, өрт автоунаанын салонунан чыкканын айтып чыкты.

«Адегенде ис чыгып, көбү ошондон ууланган. Бул эмне үчүн баары кутулбай калганынын биринчи себеби. Экинчиси — эшик ачылганда аба кирип, автобустун ичинен жалын тутанган. Ушундан улам жүргүнчүлөр сыртка чыга албай калышкан. Андан тышкары, жүк дагы көп экен. Автобустун биринчи кабатында жүк, экинчи кабатында адамдар болгон»,- деди Ерлан Тургумбаев, тирүү калган беш кишинин көрсөтмөлөрүнө таянып. 

18-январда Актөбө облусундагы Самара-Шымкент автожолунда жүргүнчү ташыган автобус өрттөнүп, бери дегенде 52 киши каза тапты, алардын бардыгы Өзбекстандын жарандары болчу. Кырсык болгон учурда «Икарус» автобусунда 57 киши бараткан.Ушул тапта өзбек бийлиги өрттөн өлгөн 28 жаранынын аты-жөнү такталганын маалымдады

Автобус Түштүк Казакстан облусунда катталган. Ал Шымкенттен Орусияга бараткан. Жүргүнчүлөр болжолу менен эмгек мигранттары болчу.

Транспорттук унааны пайдалануу эрежесин бузуу боюнча кылмыш иши козголду.

Количество просмотров: 12