• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Акталчат-Казарман көпүрөсү адамдар аккандан кийин оңолобу?

14 Бугу 2018 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14. 05. 2018. Govori.TV

Акталаа районуна караштуу Акталчак-Казарман  авто жолундагы көпүрөнүн курулушу токтоп турат. Азыр бул жактагы беш айылдын тургундары Нарын дарыяны атчан же жөө жалаңдап кечип жатышат. Бул тууралуу Куртка айылынын тургуну  Аманбай Кадыркулов Govori.TVга билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын жазында көпүрөөнүн жээгин суу жеп, натыйжада көпүрөнүн мамычалары  чөгүп баштаган.

“Учурда биздин маалыматтар боюнча, былтыр көпүрөнү куруп баштаган компания акчаны жеп, ишти таштап кетип калган. Быйыл болсо Өкмөттөн акча бөлүнүп, иш баштала элек. Учурда суу катуу кирип жаткандыктан, сууну кесип өтүү да мүмкүнчүлүк болбой калды. Райондун борборуна айланып баруу 200 чакырымды түзүп, айыл эли кыйналууда. Азык-түлүк да, жол кире да кымбаттады.  Куртка, Тоголок-Молдо, Жогорку-Май жана Ак-Кыя айылынын тургундары азыр абал кооптуу, дарыяны кесип өтүүгө аракет кылбасаңыздар…”,-деп билдирди ал.

Эске сала кетсек, бул маселе Жогорку Кеңеште да бир топ жолу көтөрүлгөнү менен иш ордунан жыла элек.

Количество просмотров: 40