• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

“Акылдуу шаар” Өкмөттүн “өмүрүн кыскартабы”?

19 Үчтүн айы 2018 14:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 18.19.01. Govori.TV

Жогорку Кеңеште депутаттары “Акылдуу шаар” долбооруна кытайлык Huawei компаниясын тандаганы үчүн Өкмөттү сындап жатышат. Тагыраагын, “Республика-Атажурт” фракциясынын жыйынында аталган долбоор боюнча депутаттар вице-премьер министр  Дайыр Кенекеевге суроо жаадырышты.

“Көптөгөн өлкөлөр иштешүүдөн баш тарткан кытайлык компанияны эмне үчүн тандап алдыңар? Мисалы, АКШ, Австралия, Индия сыяктуу ири өлкөлөр баш тартып жатышса, Кыргыз Өкмөтү эмне үчүн бул Huawei компаниясына ишенип артып жатат?”,-деп суроо узатты депутат Жыргалбек Турускулов.

Бул суроого өкмөт башчынеын орун басары  болсо, аталган компания Шанхай, Гуанчжоу ал турсун Дубай шаарларына кызмат көрсөтүп жатканын мисалга тартты. “Ооба, компания Кытай Өкмөтүнүн көзөмөлүндө иш алып бараарын билебиз, бирок,  бул эч кандай кооптонууну туудурбайт”,-деп кошумчалады ал.

Эске сала кетсек, кыргыз өкмөтү 11-январда аталган компания менен “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн 62 млн. АКШ долларлык келишимге кол койгон. Бирок, келишим  күчүнө кире элек.

Количество просмотров: 14